Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү  боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби

12-10-2018 12:16

Өткөрүү орду жана убактысы: 2018-жылдын 16-октябры, 14 саат 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш жыйындар залы

 

1. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КРнын Мыйзамынын долбоору (экинчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (26.07.18-ж. №349-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министринин орун басары – Асанов К.С.

2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет)   жана «Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун  жалпы принциптери жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын ЖКнин депутаттары Масалиев И.А., Асылбаева Г.К.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Масалиев И.А.

3. «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты.  

Киргизген: КРнын ЖКнин депутаттары Салянова А.Ж., Текебаев Ө.Ч., Никитенко Н.В., Бакчиев Ж.А. Бекешев Д.Д., Омурбекова А.С., Масалиев И.А.

Баяндамачы: КРнын юстиция министри – Джаманкулов М.Т.

4. Ар түрдүү маселелер.

а) КРнын Өкмөтүнүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматы.

Баяндамачы: КРнын Вице-премьер-министри – Разаков Ж.П.

б) КРнын УКМКнын жарандарды мыйзамсыз тыңшоо фактылары боюнча маалыматы.

Баяндамачы: КРнын УКМКнын төрагасы – Кадыркулов И.А.

в) «Суусамыр-Талас-Тараз» (75тен 105-км. чейин) автомобиль жолунун бөлүгүндөгү аткарылган жумуштардын көлөмүн текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жумушчу топтун маалыматы.

Баяндамачы: КРнын ЖКнин депутаты – Дюшалиев А.К.

 

 

Комитеттин төрайымы                                                                     Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 1099