Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин  жыйынынын күн тартиби

14-09-2018 12:53

Өткөрүү орду жана убактысы: 2018-жылдын 18-сентябры, 14 саат 00 мин.

Жогорку Кеңештин Чыгыш залы

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2013-жылы 14-февралда кабыл алган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» карата келтирилген Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө.

Баяндамачы: Комитеттин төрайымынын орун басары – Матраимов И.И.

2. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» КРнын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын Өкмөтү (26.07.18-ж. №349-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Джунушалиев К.А.

3. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (04.06.2018-ж. №269-токтом).

Баяндамачы: КРнын юстиция министринин м.а. – Эсеналиев М.К.

Комитеттин төрайымы                                                                     Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 714