Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби Өткөрүү орду жана убактысы: 2018-жыл 11-сентябрь, саат: 14:00 Жогорку Кеңештин Чыгыш залы

06-09-2018 16:53

  1. «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(биринчи окуу).

Киргизген: КРнын ЖК депутаттары Бекешев Д.Д. жана Баатырбеков А.Б.

Баяндамачы: КРнын ЖК депутаты  - Бекешев Д.Д.

2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Жоруктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: КРнын ЖК депутаты Икрамов Т.И.

Баяндамачы: КРнын ЖК депутаты  - Икрамов Т.И.

3. «Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору(биринчи окуу).

Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (26.07.18-ж. №353-токтом).

Баяндамачы: КРнын тышкы иштер министри – Абдылдаев Э.Б.

4. «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окуу).

Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү(08.08.2018-ж. №369-токтом).

Баяндамачы: КРнын ички иштер министри – Джунушалиев К.А.

5. Ар түрдүү маселелер:

Е. Гуревичтин массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүүсү боюнча КРнын Башкы прокуратурасынын маалыматы.

Баяндамачылар: КРнын Башкы прокурору – Джамшитов Ө.А.

КРнын Өкмотүно караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Б.Д.

 

Комитеттин төрайымы                                                                      Н. Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 966