Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү убактысы жана орду: 2018-жылдын 26 -июну, саат 14. 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш залы

25-06-2018 09:44

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү убактысы жана орду: 2018-жылдын 26 -июну, саат 14. 00 мин. Жогорку Кеңештин Чыгыш залы

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине”, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине”) мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты.
Киргизген: Мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн макулдашуу тобу.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А. Абдылдаева

2. “«Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (6-7200/18, 13.04.18 ж.). үчүнчү окууда
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (30.03.2018-ж. №172 токтому).
Баяндамачы: Комитеттин төрайымы Н.Никитенко.

3. “Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттар тобунун кайрылуусу” боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин чечими.
Баяндамачы: Жумушчү тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Жеенчороев.

4. Кыргыз Республикасынын ИИМ кызматкерлери милициянын полковниги Абдрахманов Алмаз Султановичти жана милициянын майору Андреева Лада Витальевнаны КР ЖК Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин чечими.
Баяндамачы: Комитеттин төрайымы Н.Никитенко.

5. КР ИИМ тарабынан КР Мыйзамдарынынын аткарылышын текшерүү үчүн түзүлгөн жумушчу тобунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.
Баяндамачы: Жумушчү тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И. Матраимов.

Комитеттин төрайымы                                Н.Никитенко

Көрүүлөрдүн саны : 1162