Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде Өкмөттүн ишмердүүлүгү каралды

11-04-2018 17:20

 

Бүгүн, 10-апрелде Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө премьер-министринин отчету каралды. Жыйында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баяндама жасады.
Жыйын жүрүшүндө Бишкек - Торугарт жана Бишкек - Ош негизги трассаларынын жол кыймылдарына автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы - фото-видеого түшүрүү киргизилбегендиги айтылды. 2017-жылы өлкө боюнча 6346 жол-транспорт кырсыктары  болгон, анын кесепетинен 907 адам каза тапкан. Бул көрүнүш өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыктары көбөйгөнүнөн кабар берет.
Ошону менен катар комитет мүчөлөрү аткаруу бийлиги тарабынан аткарылбай калган иштерди аягына чыгаруу боюнча бир катар тапшырмаларды беришти. Анда Бишкек шаары боюнча 238 орунга жол эрежелер тартибин бузууларды түшүрүп алуучу фото-видео камера орнотууну тездетүү талабы коюлду.
Мындан сырткары, “Коопсуз шаар” долбоору көп жылдан бери ишке ашпай келе жаткандыгы сынга кабылды. Ал боюнча соттук чечимдер бар, мындай долбоорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин долбоор жүзөгө ашырыла элек. Бул долбоор эки жолу Жогорку Кеңештин жыйынында жана аталган тармактык комитеттин жыйындарында каралган. Долбоорду ишке ашыруу боюнча Өкмөткө бардык зарыл шарттарды кабыл алуу тууралуу тапшырма берилген.
Жыйынтыгында тармактык комитеттин депутаттары бир катар сунуштарды берүү менен Өкмөттүн жасаган иштерин колдоду.

Көрүүлөрдүн саны : 773