2017-жылдын 06-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 1 мыйзам долбоору жана 3 ар кандай маселени каралды:

30-03-2018 17:02

2017-жылдын 06-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 1 мыйзам долбоору жана 3 ар кандай маселени каралды:
1. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2017-жылдагы аткарган иштери жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими. 

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Кылмыш-жазык-процессуалдык кодекстеринин, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” жана “Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү жүргүзүү боюнча жумушчу тобун түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.
4. 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө”, 2015-жылдын 6-ноябрындагы №19-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө”, жана 2015-жылдын 12-ноябрындагы №26-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими

Көрүүлөрдүн саны : 680