2017-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 1 мыйзам долбоору жана 2 ар кандай маселени каралды:

30-03-2018 16:17

1. «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору биринчи окууда.

2. Кыргыз Республикасынын финансы полиция органдарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

3. Кыргыз Республикасынын Мамэкотехинспекциянын тарабынан “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын текшерүү жүргүзүү боюнча жумушчу тобун түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

Көрүүлөрдүн саны : 269