2017-жылдын 05-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 4 мыйзам долбоорлорду каралды:

11-01-2018 10:43

2017-жылдын 05-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 4 мыйзам долбоорлорду каралды:

1.«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралган. Демилгечи Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.

2.« Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору каралган. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

3. « Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырын текшерүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралган. Демилгечилер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар Джумабеков Д., Масабиров Т., Икрамов Т., Арапбаев А., Мамытов Т., Акматов А., Макеев Н.

4. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралган. Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 

Көрүүлөрдүн саны : 905