2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 3 мыйзам долбоорлорду жана 1 ар кандай маселери каралды:

11-01-2018 10:22

2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 3 мыйзам долбоорлорду жана 1 ар кандай маселери каралды:

1.«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралган. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.

2.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору каралган. Демилгечи
 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Арапбаев А., Алимбеков Н., Шадиев А., Жапаров А., Нурбаев А., Сыдыков Б., Шайназаров Т., Шыкмаматов А., Нурматов К., Айдаров С., Казакбаев Р., Матраимов И., Масабиров Т., Калмаматов Ж., Джураев С.

3. « Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралган. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

4. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун чаралары жонундо” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.
 

Көрүүлөрдүн саны : 2660