Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 19 -декабрында, 14 саат 00 мин. «ЖК Чыгыш залы»

15-12-2017 10:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби


Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын  19 -декабрында, 14 саат 00 мин. 
«ЖК Чыгыш залы»


1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору (6-22315/17 от 16,11.17 ж.) биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 703, 27.10.2017 ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри Новиков А.Э.
Кошумча баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кулматов К.


2. “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигиндеги “Коррупцияга каршы аракеттенүү жонундо” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарууну текшеруунун натыйжалары тууралуу” маселе боюнча КР ЖКнин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жетигенов Б.

Комитеттин төрагасы                                М. Жеенчороев

Көрүүлөрдүн саны : 672