Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 21 -ноябрында, 14 саат 00 мин. «ЖК Чыгыш залы»

20-11-2017 09:25

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби

Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын  21 -ноябрында, 14 саат 00 мин. 
«ЖК Чыгыш залы»

1.«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (6-17575/17 , 29,08,17 ж.), экинчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.

2.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (6-11258/17 , 22,05,17 ж.),
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Арапбаев А., Алимбеков Н., Шадиев А., Жапаров А., Нурбаев А., Сыдыков Б., Шайназаров Т., Шыкмаматов А., Нурматов К., Айдаров С., Казакбаев Р., Матраимов И., Масабиров Т., Калмаматов Ж., Джураев С.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Арапбаев А.

3. « Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (6-21606/17 от 08,11.17 ж.) биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 721, 31,10.2017 ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри Касымалиев А.

4. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун чаралары жонундо” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Исаков С.


Комитеттин төрагасы                                М. Жеенчороев 

Көрүүлөрдүн саны : 1403