2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 4 мыйзам долбоорлорду жана 1 ар кандай маселери каралды.

08-11-2017 14:35

2017-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 4 мыйзам долбоорлорду жана 1 ар кандай маселери каралды:

1.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралган. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров.


2.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Демилгечилер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж., Жеенчороев М.К., А.Жапаров, Масалиев И., Никитенко Н., Орозова К., Сурабалдиева Э. жана башка депутаттар.

3. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору” биринчи окууда каралды. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.

4. “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору” биринчи окууда каралды. Демилгечи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеенчороев М.


5. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык-укуктук коргоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаевдин атайын баяндамасы тууралуу” КР ЖКнын 2016-жылдын 28-декабрындагы №1221-VI токтомун контролдон алып салуу жөнүндө” маселе боюнча КР ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.
 

Көрүүлөрдүн саны : 3235