Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 31 -октябрында, 14 саат 00 мин. «ЖК Чыгыш залы»

28-10-2017 11:04

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби

Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын  31 -октябрында, 14 саат 00 мин. 
«ЖК Чыгыш залы»


1.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» Мыйзамдын долбоору (6-10612/17 , 13,05,17 ж.), үчүнчү окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж., Жеенчороев М.К., А.Жапаров Масалиев И., Никитенко Н., Орозова К., Сурабалдиева Э. жана башка депутаттар.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова А.

2.«Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (6-12014/17 , 31,05,17 ж.),
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому 269, 13.05.2017 ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри Касымалиев А.

3. «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө»  Мыйзамдын долбоору (6-19462/17 от 02.10.17 ж.)
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому № 623, 28.09.2017 ж.).
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Финансы министри Касымалиев А.

4. “Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 93-жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө” КР ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

Баяндамачы: Комитеттин Торагасы М.Жеенчороев.


Комитеттин төрагасы                                М. Жеенчороев 

Көрүүлөрдүн саны : 1938