Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби
Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 24 -октябрында, 14 саат 00 мин.
«ЖК Чыгыш залы»
1.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» Мыйзамдын долбоору (6-7251/17 , 03,04,17 ж.), үчүнчү окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров.
2.«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» Мыйзамдын долбоору (6-10612/17 , 13,05,17 ж.), экинчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж., Жеенчороев М.К., А.Жапаров Масалиев И., Никитенко Н., Орозова К., Сурабалдиева Э. жана башка депутаттар.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова А.
3. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамдын долбоору” (6-17575/17 , 29,08,17 ж.), биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.
4. “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамдын долбоору” (6-18602/17 , 18,09,17 ж.), биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеенчороев М.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жеенчороев М.
5. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык-укуктук коргоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаевдин атайын баяндамасы тууралуу” КР ЖКнын 2016-жылдын 28-декабрындагы №1221-VI токтомун контролдон алып салуу жөнүндө” маселе боюнча КР ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.
Комитеттин төрагасы М. Жеенчороев