2017-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 1 мыйзам долбоору жана 2 ар кандай маселери каралды.

30-06-2017 10:37

2017-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 1 мыйзам долбоору жана 2 ар кандай маселери каралды:

1 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору.

2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматында Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” мыйзамынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын паспорторун мыйзамсыз берүү, колго жасоо, пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин 11.04.2017 ж. чечиминин аткарылышы жөнүндө.


3. Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалардын абалы тууралуу маалымат.
 

Көрүүлөрдүн саны : 2669