2017-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 2 мыйзам долбоору жана 2 ар кандай маселери каралды.

30-06-2017 10:28

2017-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынында 2 мыйзам долбоору жана 2 ар кандай маселери каралды:


1. «Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору

2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» Мыйзамдын долбоору.

3. “2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" Мисин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелерди изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1515-VI Токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

4. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер»  ардак наамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты («КСДП» парламенттик фракциясы) Искендер Исмаилович Матраимовду сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

Көрүүлөрдүн саны : 3282