Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 27-июнунда, 14 саат 00 мин. «ЖК Чыгыш залы»

23-06-2017 14:45

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 27-июнунда, 14 саат 00 мин. «ЖК Чыгыш залы»

1 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (6-6300/17, 17.03.2017ж.), үчүнчү окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтом № 150, 13.03.2017ж.)
Баяндамачы: Комитеттин Торагасы М.Жеенчороев.
Кошумча баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын торагасы Осмонов З.

2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» Мыйзамдын долбоору (6-7351/17 , 03,04,17 ж.), экинчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жапаров.
Баяндамачы: Комитеттин Торагасы М.Жеенчороев.

3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматында Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” мыйзамынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын паспорторун мыйзамсыз берүү, колго жасоо, пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин 11.04.2017 ж. чечиминин аткарылышы жөнүндө.
Баяндамачы: Комитеттин Торагасы М.Жеенчороев.
Кошумча баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Вице - Премьер-министри Ж. Разаков.

4. Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалардын абалы тууралуу маалымат.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Вице - Премьер-министри Ж. Разаков.


Комитеттин төрагасы                            М. Жеенчороев 

Көрүүлөрдүн саны : 1058