Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби. Өткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 13-июнунда, 14 саат 00 мин. «ЖК Чыгыш залы»

12-06-2017 15:12

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин жыйынынын күн тартиби. Oткөрүү орду жана убактысы: 2017-жылдын 13-июнунда, 14 саат 00 мин. 
«ЖК Чыгыш залы»


1. «Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кол коюлган Коргоо чараларын жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу маселелери боюнча 2006-жылдын 28-ноябрындагы Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (6-12916/17, 08.06.17ж.)
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Токтому №291, 16.05.2017ж.)
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары.

2. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» Мыйзамдын долбоору (6-10612/17 , 13,05,17 ж.), биринчи окууда.
Киргизген: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж., Жеенчороев М.К., А.Жапаров Масалиев И., Никитенко Н., Орозова К., Сурабалдиева Э. жана башка депутаттар.
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова А.

3. “2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" Мисин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелерди изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1515-VI Токтомунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.
Баяндамачы: Комитеттин Торагасы М.Жеенчороев.

4. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмер»  ардак наамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты («КСДП» парламенттик фракциясы) Искендер Исмаилович Матраимовду сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.


Комитеттин төрагасы                            М. Жеенчороев 

Көрүүлөрдүн саны : 2322