2019-жылдын 24-июнундагы «Кыргыз  Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактандыруусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Корутундусу

04-11-2019 17:14

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин

2019-жылдын 24-июнундагы

«Кыргыз  Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын

окуучуларынын тамактандыруусун уюштуруу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Корутундусу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген «Кыргыз  Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактандыруусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын 2019-жылдын 20-июнундагы № 304 токтомунун долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

 

Бул  мыйзам  долбоору, жалпы билим берүүчү уюмдардагы башталгыч класстарга (1-4) ысык тамактандырууну уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан.

Республиканын жалпы  билим берүүчү уюмдарында башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамактандырууну бардык жерде киргизүү жана бул ченемди мыйзамдуу бекитүү максатында, «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактандыруусун уюштуруу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын бул долбоору иштелип чыккан.

Комитеттин отурумунун жүрүшүндө  Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар тарабынан Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин   2-пунктуна төмөнкүдөй сунуштар киргизилди:

- депутат Т.У.Жоробеков тарабынан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашырат» - деген норманы кайрадан карап чыгуу;

-  депутаттар Т.З.Зулпукаров  жана Э.Т.Токтошев тарабынан «Жалпы билим берүү уюмдарына мектеп алдындагы чарбаны уюштуруу үчүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан айыл жергесинде жер үлүштөрүн милдеттүү түрдө бөлүп беришет» -деген норманы кайрадан карап чыгуу.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1.. «Кыргыз  Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактандыруусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2.  Ушул корутундунун көчүрмөсү  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Бюджет жана финансы боюнча

комитеттин төрагасы                                                 Э.Токтошев

Көрүүлөрдүн саны : 4