2019-жылдын 24 июнундагы «2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбооруна Европа союзу тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУСУ

04-11-2019 16:54

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин

2019-жылдын 24 июнундагы

«2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү

банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбооруна Европа союзу тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

КОРУТУНДУСУ

 

Бюджет жана финансы боюнча комитети төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Бул долбоор пилоттук негизде жүзөгө ашырылат, анткени бүгүнкү күнгө чейин Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан республикабыздын шаарларына гана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү максатында акча каражаттары бөлүнүп берилген.

Долбоордун жалпы суммасы 6,0 млн. евро болуп саналат, анын ичинен:

-3,0 млн.евро –Европа бирлигинин Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонду тарабынан грант;

-2,0 млн.евро –кредит Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити (ЕРӨБ);

-1,0 млн.евро – техникалык кызматташтык үчүн грант.

Насыя 15 жылга 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен Euribor+1,0 % (өзгөрүлүп туруучу пайыздык коюм) аркылуу берилет.

Долбоор ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Бюджет жана финансы боюнча комитети төмөндөгүдөй корутундуга келет:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.06.2019-жылдагы №299 токтому менен киргизилген «2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбооруна Европа союзу тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.

 

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитетинин төрагасы                                                Э. Токтошев

Көрүүлөрдүн саны : 2