Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2019-жылдын 17-июнундагы «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата корутундусу

26-06-2019 17:11

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин

2019-жылдын 17-июнундагы

 

«Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

корутундусу

 

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 156 токтому менен демилгеленген «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

       Бул мыйзам долбоору «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө   жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө»,«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»,  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү  кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин  2-бөлүгүнө ылайык кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

         Ошого байланыштуу, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- беренесиндеги көрсөтүлгөн мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга карата коюлуучу талаптар, кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдарга жол берилбегендиги боюнча чектөө менен толукталынат.

          «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жогорудагыдай эле чектөөлөр боюнча толуктоолор киргизилет.

           Белгиленген долбоорду кабыл алуу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик эколгиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт жана  мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбайт.

           Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Бюджет жана финансы боюнча  комитети төмөнкүдөй корутундуга келди:

  1. «Кынтыксыздыктын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлешин чектөө жөнүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине биринчи окууда кабыл алуу сунуш кылынсын.
  2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламенти боюнча Комитетине жөнөтүлсүн.

 

 Бюджет жана финансы

боюнча комитеттин төрагасы                                                   Э. Токтошев

 

Көрүүлөрдүн саны : 68