Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2019-жылдын 10-июнундагы  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу КОРУТУНДУСУ

13-06-2019 12:24

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин

2019-жылдын 10-июнундагы

 

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин
6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 101-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пункту жана “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
61-беренеси менен Отчетторду түзүү боюнча жетекчилик; Эсептөө палатасынын аудитордук иши жөнүндө отчетту түзүүнүн тартиби тууралуу нускама жаатында Эсептөө палатасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын жыл сайын отчету Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.

Отчет Эсептөө палатасынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык бөлүнүштөрү тарабынан даярдалган маалыматтар жана аудитордук иштин жыйынтыктары боюнча  статистикалык маалыматтарга негизделген. 

Бул отчётто  ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу боюнча Эсептөө палатасынын иши чагылдырылган, 2018-жылы жүргүзүлгөн, Эсептөө палатасынын Кеңешинде жана  Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн отурумдарынын чечимдери менен бекитилген аудит жыйынтыктары берилди.   

“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Эсептөө палатасынын негизги иши аудит жана аудиттин натыйжалуулугун жүргүзүү, республикалык бюджеттин аткарылышына баа берүү, жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануу, мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыздоо жана ишке ашыруу, республикалык бюджет, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жөнүндө мыйзам долбоорлору боюнча корутундуларды түзүү болуп саналат.

2018-жылы Эсептөө палатасынын штаттык саны мамлекеттик кызматчылардын 206 бирдигин, техникалык жана тейлөө персоналынын 80 бирдигин түзгөн. Бардык мамлекеттик кызматчылар жогорку билимдүү, алардын 22,3 пайызынын эки жолку жана андан көп жогорку билими бар.

2018-жылга бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук  иш планына ылайык, пландалган 204 аудитордук иш-чаралардын ичинен Эсептөө палатасы тарабынан 203 аудитордук иш-чаралар жүргүзүлгөн (1 аудитордук иш-чара аяктоо баскычында турат), алардын жүрүшүндө  аудит объектилеринин 2 425 (2017-ж. – 2673 жана 2016-ж. – 3051) түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү камтылган, анын ичинен: бюджеттик мекемелер - 1 805 (2017-ж. – 1884, 2016-ж. – 2263),  чарба жүргүзүүчү объекттер – 384 (2017-ж. – 436, 2016-ж. – 399),  жана башка уюмдар – 8,  жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер жана уюмдар – 216 (2017-ж. – 345, 2016-ж. – 355).

2018-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө аныкталган каржы бузууларынын жалпы суммасы 2 321,9 млн.сомду түзгөн жана мурунку жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу, 1 024,0 млн.сомго же 79 пайызга көбөйгөн. Бул негизинен, Дебитордук жана ашырылган насыялык карыздарды эсептөө боюнча жашыруулар” түрү боюнча аныкталган каржы бузууларынын көбөйүүсү менен байланыштуу, алардын суммасы өткөн жылга салышытырмалуу 1 158,9 млн.сомго көбөйгөн.

Аныкталган каржы бузууларынын жалпы суммасынан 1 621,5 млн.сом кайтарылууга тийиш болсо, анын ичинен 1 405,2 млн.сом калыбына келтирилген. Калыбына келтирүү 87 пайызды түзгөн.

Каржы бузууларынын жалпы суммасында 50дөн ашык  пайызды, “Дебитордук жана ашырылган насыялык карыздарды эсептөө боюнча жашыруулар”  бузуулар түрү боюнча сумма ээлеген, бул болсо, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн үстүнөн аудит объектиси тарабынан көзөмөлдөө жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөндүгүн күбөлөндүрөт.  Бул бузуу жол-жоболорду бузуулар мүнөзүнө көбүрөөк ээ, б.а. бухгалтердик эсепти толук кандуу эмес жүргүзүү, бирок, айрым учурларда уурдоонун мүмкүн болуучу тобокелдиктери байкалышы жана билиниши мүмкүн. Негизинен, бул бузуулар бухгалтердик жазууларды (эсеп боюнча) түзөтүүнү ишке ашыруу менен калыбына келтирилет. Эреже катары,  көпчүлүк учурларда бул бузуулар аудиттин жүрүшүндө оңдоого келтирилет. Мисалы, бул бухгалтердик эсепте көрсөтүлбөгөн дебитордук карыздын же ал боюнча жетиштүү негиздемеси жок жактар алдындагы насыялык карыздын суммасы болушу мүмкүн. 

 Мындай бузуулардын үчтөн бирин (36%), “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” МИнин ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча аныкталган бузуулар ээлейт, бул болсо, 483,9 млн.сомду түзгөн. Экинчи орунда “Түндүк электр” ААКсы - 245,7 млн.сом же 18 пайыз жана үчүнчү орунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги – 198,8 млн.сом же 15 пайыз.

Эмгек акыларды  негизсиз төлөө бөлүгүндөгү абдан көп бузуулар болуп, мыйзам менен  каралбаган төлөмдөр, штаттык жүгүртмө менен бекитилген коюмдарды жана кызматтык акыларды жогорулатуу жана ченемдик укуктук актыларды бузуулар эсептелет, алардын суммалары 322,9 млн.сомду түзгөн. Бул түрдөгү бузуулардын негизги үлүшү, 207,5 млн.сом суммасында же 60 пайызда  Бишкек шаарынын мэриясына туура келет (2016-жылга карата жүргүзүлгөн аудит).

2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары 13 236,6 млн.сомду түзгөн.2017-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 3 764,8 млн.сомго же 28 пайызга көбөйгөн. Көбөйүү “Салык, бажы жана башка төлөмдөр жана бюджеттин чыгымдар бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары” түрү боюнча аныкталган бузуулардын эсебинен 3 911,6 млн.сомго жүргөн. Ал эми, “Бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары” түрү боюнча бузуулардын аныкталышы 338,7 млн.сомго азайган.

Бюджеттин резервдеринин жана жоготууларынын аныкталган жалпы суммасынан 1 791,5 млн.сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Отчеттук жыл ичинде 991,9 млн.сом калыбына келтирилген. Калыбына келтирүү 55 пайызды түзгөн.

Отчёттук жылы Эсептөө палатасы тарабынан 800,3 млн.сомго рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталган. Өткөн жылга салыштырмалуу,  бул көрсөткүч 449,3 млн.сомго көбөйгөн. Негизинен көбөйүү, “Пландалган максатына жетпестен чыгымдалган каражаттар” түрү боюнча 334,9 млн.сомго аныкталган бузуулардын эсебинен жүргөн жана “Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору жана алыш-бериш эсептериндеги каражаттар” - 97,9 млн.сом.  

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын аныкталган жалпы суммасынан  80,8 млн.сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын ичинен  59,9 млн.сом калыбына келтирилген. Калыбына келтирүү  74 пайызды  түзгөн.

Мамлекеттик органдардагы жана уюмдардагы каржы бузуулары менен катар, ошондой эле аудит тарабынан коомдук жана башка уюмдарда 199,8 млн.сом каржы бузуулары аныкталган. 2017-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 656,0 млн.сомго азайган.

Аныкталган суммалардын жалпы суммасынан 67,7 млн.сом кайтарылууга тийиш болсо, анын ичинен 19,3 млн.сом калыбына келтирилген.  Калыбына келтирүү 30 пайызды түзгөн.

Негизинен бул бузуулар төмөндөгүлөрдө аныкталган: “Ош электр” ААКсында - 39,5 млн.сом,  “Бишкек машина куруу заводу” ААКсында - 37,9 млн.сом, “Электр станциялары” ААКсында - 29,1 млн.сом жана “Чыгыш электр” ААКсында - 22,2 млн.сом.

 

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасы өзүнүн жазма буйруктарында жана сунуштарында бузуулардын болгондугун көрсөтөт жана аларды алдын алуу жана кыскартуу боюнча чараларды сунуштайт. Бирок буга карабастан, кээ бир түрдөгү бузуулар бардык мамлекеттик органдар үчүн мүнөздүү бойдон кала берүүдө. 

Мындай бузуулардын бири болуп, эмгек акы төлөөдөгү бузуулар эсептелет, алар өзүнө негизсиз төлөмдөрдү камтыйт. Отчеттук жылы мындай түрдөгү бузуулар 750,6 млн.сомго аныкталган. Абдан ири суммалар төмөндөгүлөрдө аныкталган: Коомдук телерадио компаниясында – 50,1 млн.сом Билим берүү жана илим министрлигинде – 41,4 млн.сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда – 13,6 млн.сом жана Финансы министрлигинде – 27,6 млн.сом.

         Мындан сырткары, шаарлардын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудитте, 209,6 млн.сомго ашыкча төлөмдөр жана негизсиз төлөмдөр аныкталган.

         Салык жана бажы мыйзамдар чөйрөсүндө аныкталган сумма, отчеттук жылы 32,5 млн.сомду түзгөн. Салык жана бажы мыйзамдарынын ченемдерин так сактоо, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө алып келет, б.а. бул суммалар, талаптагыдай деңгээлде контролдоо алдында, мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн резервдер болуп эсептелет.   

Бузууларды талдоо, капиталдык салымдардын каражаттарын өздөштүрүүдө, бузуулардын тутумдуу мүнөзүн көрсөткөн. Негизинен, наркты ашыруу же аткарылбаган курулуш-куроо иштерине төлөө фактылары орун алган. Мындай бузуулардын негизги бөлүгү, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин тутумуна туура келет. Алсак, 2017-жылы бул тутумдагы курулуш-куроо иштеринин көлөмүн ашыруунун жалпы суммасы 129,6 млн.сомду түзгөн.  Мындан сырткары, Транспорт жана жол министрлигинде мындай түрдөгү бузуулар 40,7 млн.сомду түзгөн. Айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган жана башка уюмдардын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудитте, курулуш-куроо иштеринин баасын ашыруу, бүтүндөй 23,8 млн.сомду түзгөн.

Ошондой эле, бюджеттик сметаларды түзүү этабында мамлекеттик органдардын ишинин начардыгы, аныкталган товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлорунун жана эсептердеги каражаттардын калдыктарынын олуттуу суммаларына алып келет. 2018-жылы бул көрсөткүч 176,1 млн.сомду түзгөн. Мындай учурлардын себептеринин бири болуп, Финансы министрлиги тарабынан кеч каржылоо эсептелет.

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 124-беренесине ылайык,  жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына аудит Эсептөө палатасы тарабынан эки жылда бир жолу жүргүзүлөт.

Отчеттук жылы Эсептөө палатасы тарабынан төрт шаар (Бишкек (2016-ж. үчүн), Кара-Балта, Нарын жана Балыкчы (2016-2017-ж. үчүн)) мэрияларынын жана 222 айыл өкмөтүнүн бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудиттер жүргүзүлгөн.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн шаарлардын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тарабынан, жалпы 326,0 млн.сом суммасында каржы бузуулары аныкталган. 610,8 млн.сомго бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталган. Мындан сырткары, 7,5 млн.сомго бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу аныкталган.

Аныкталган каржы бузуулары Бишкек (207,5 млн.сом) жана  Кара-Балта (2,1 млн.сом) шаарларынын мэрияларынын бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитте аныкталган, алар эмгек акыны негизсиз төлөө жана ашыкча төлөө боюнча бузуулар болуп эсептелет.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы боюнча, каржылоо булактары жок туруп, бюджеттин башка деңгээлинде турган уюмдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн 116,4 млн.сом  аныкталган.

 

2018-жылы жүргүзүлгөн аудитордук иш чаралардын жыйынтыктары боюнча 476 жазма буйруктар жана 123 сунуштар жөнөтүлгөн. Жөнөтүлгөн жазма буйруктардын жалпы санынын ичинен 179 (38%) толук аткарылган, 153 (32%) жарым-жартылай аткарылган жана 144 жазма буйрук (30%) аткарыла элек. Мында, 2017-жылы 1 297 жазма буйрук жана  79 сунушштар жөнөтүлгөн.

2017-жылга салыштырмалуу, жөнөтүлгөн жазма буйруктардын санынын бир кыйла кыскарышы, отчеттук жылы Эсептөө палатасы жазма буйруктарды жана сунуштарды борборлоштуруп жөнөтүү тартибин жайылткандыгы менен түшүндүрүлөт. Ошентип, аудит объектисинин жетекчилиги, жазма буйруктарды жана сунуштарды аткаруу боюнча анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүнүн үстүнөн контролдоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  

Жөнөтүлгөн жазма буйруктар боюнча кайтарылууга тиешелүү болгон сумма 2 356,7 млн.сомду түзгөн, анын ичинен 1 217,2 млн.сом (52%) калыбына келтирилген. Ушул отчетту түзүү күнүнө карата, 2017-жылдагы жазма буйруктар боюнча калыбына келтирүү 70 пайызга жакынды түзгөн. Калган суммаларды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат, ал эми айрым суммалар боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташы күтүлүүдө.

2018-жылы Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча, 109 кызматтагы адамдар тартип жоопкерчилигине тартылган, анын ичинен, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басарына сөгүш жаряланып, ошондой эле 36 адам ээлеген кызматынан бошотулган. Негизинен, кызматынан бошотулгандар булар – айыл өкмөттөрүнүн жана ЖОЖдордун финансы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери.   

 2018-жылы аудиттердин жыйынтыктары боюнча  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине бюджеттик жана фискалдык мыйзамдарды  жакшыртуу боюнча  камтылган сунуштардан турган 18 сунуштама жөнөтүлгөн.

 

2018-жылы Эсептөө палатасынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик комитети менен өз ара аракеттенишүү жөнүндө  Макулдашуу иштелип чыккан жана түзүлгөн.

Алсак, өткөн жылы козголгон жазык иштери алкагында укук коргоо органдарынын 73 токтому боюнча  Эсептөө палатасы тарабынан, жүздөн ашык аудитордук иш-чаралар жүргүзүлгөн:  Бишкек ЖЭБин модернизациялоо,  «Солнечный Берег» пансионатын сатуу,   «ТНК «Дастан» ААКсынын сатып алууларды жүргүзүүсү,    Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун курулушу,  «Вечерний Бишкек» ЖАКы, Мамлекеттик Тарых музейин реконструкциялоо, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан көчөттөрдү сатып алуу, Бишкек шаарындагы «Калыс Ордо» жаңы конушундагы №86 орто мектептин курулушу,  «Росинбанк» ААКсынын  негизсиз акча операциялары,  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2013-2018-жылдары ичинде гемодиализдерди сатып алуу маселеси ж.б. боюнча. 

Негизинен, отчеттук мезгилде укук коргоо органдарынан аудиттерди дайындоо жөнүндө 135 токтом келип түшкөн,  анын ичинен: прокуратура органдарынан - 4; ЭККМК - 32; УКМК - 54; ИИМ - 45.

Аудитордук иш-чараларды жүргүзүүнү кароонун жыйынтыгы боюнча  62 токтом боюнча  баш тартылган, анын ичинен:  прокуратура органдары -2; ЭККМК - 12; УКМК - 18; ИИМ - 30. 

73 токтом  жана суроо-талаптар аткарууга кабыл алынган: анын ичинен:  прокуратура органдары -2; ЭККМК - 20; УКМК - 36; ИИМ - 15. 

Аягына чыгарылган аудиттер боюнча материалдар, 6 млрд.сомго ар кандай каржы жана башка бузууларды аныктоо менен, аудиттин демилгеси менен жөнөтүлгөн. Көрсөтүлгөн сумманын ичинен көпчүлүк бөлүгүн, Бишкек ЖЭБи,  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун курулушу, Мамлекеттик Тарых музейин реконструкциялоо боюнча аудит материалдары түзөрүн, белгилей кетүү керек.

 Өз кезегинде, 2018-жылы Эсептөө палатасынын демилгеси менен, укук коргоо органдарынын кароосуна жалпы  786,9 млн.сом суммасындагы, аудиттин 49 материалы жөнөтүлгөн, анын ичинен: прокуратура органдарына -  753,6 млн.сомго 34 материал; ЭККМК - 15,4 млн.сомго 11 материал; УКМК - 4,8 млн.сомго 4 материал.

Аларды кароонун жыйынтыктары боюнча, укук коргоо органдары тарабынан 7 жазык иши козголгон, аудиттин 15 материалы боюнча кошумча текшерүүлөр жүрүп жатат, аудиттин 12 материалы боюнча жазык ишин козгоодон баш тартылгандыгы жөнүндө чечимдер кабыл алынган, калган материалдар башка жазык иштеринин материалдарына тартылган.

 

Кыргыз Республикасынын Бюджет жана финансы боюнча комитети жогоруда белгиленген маселени карап, төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин (тиркелет).

 

2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
У.А. Марипов аталган маселе боюнча баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

Бюджет жана финансы

боюнча комитеттин төрагасы                                Э. Токтошев

Көрүүлөрдүн саны : 125