Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму 8-апрель  2019 –жыл, саат 10-00         1 –кабат, Батыш залы. КҮН ТАРТИБИ

04-04-2019 15:12

  • Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отуруму

 

 

8-апрель  2019 –жыл, саат 10-00                                           1 –кабат, Батыш залы.

 

  • КҮН ТАРТИБИ

 

  1. “2018-жылдын 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын
    31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы №123 токтому).

             Баяндамачы:

             Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна -Кыргыз Республикасынын Финансы министри.

 

            2. “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо                        тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы №107).

            Баяндамачы:

            Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович– Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри.

           

            3. “Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын                            Мыйзамынын долбоору. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы №108).

            Баяндамачы:

            Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович– Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри.

 

            4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы “Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу” боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            5.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №213-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы №56-б буйругунун долбоору. Макулдашууга киргизилет.

            Баяндамачы:

            Абдиев Бактыбек Абышевич -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.

 

            6.  Ар кандай маселелер.

 

            Бюджет жана финансы

            боюнча комитетинин төрагасы                                                             Э.Токтошев

 

Көрүүлөрдүн саны : 535