ПАРЛАМЕНТТИК УГУУ 2018-жылдын 5-ноябры, саат 15-00

01-11-2018 17:10

 Жогорку Кеңештин жыйындар залында 5-ноябрда республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт

Убактысы жана орду: 2018-жыл, 5-ноябрь, 15-00, Жыйындар залы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Долбоору менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын көмөгү менен төмөнкү мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт:

 “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө”,

“Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө”

Убактысы жана орду: 2018-жыл, 5-ноябрь, 15-00, Жыйындар залы

Катышуучуларды каттоо 14:30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору: 63-92-24, 63-89-10,  63-92-67.

 

Көрүүлөрдүн саны : 697