Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412 – VI «Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2017-жылдын 10-январындагы чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат

07-06-2017 16:48

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412 – VI

«Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин

2017-жылдын 10-январындагы чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат

 

Тапшырманын аталышы

Ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат

 

1

Инвестицияларды тартуу, стимул берүү жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу

Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, ошондой эле ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы ишке ашырылууда. Азыркы учурда 38 иш-чарадан 24тү аткарылды. Программаны ишке ашырууну аяктоо жыйынтыгы боюнча 2018-2020-жылдарга ушуга окшош Программаны бекитүү пландалууда.

Инвестицияларды илгерилетүүнүн орто мөөнөттү программасынын долбоору иштелип чыкты, анда орто мөөнөттүү келечекте акцент жасала турган экономиканын артыкчылыктуу секторлору аныкталды.

Бул документ учурдагы жагдайды талдоону (Кыргыз Республикасында инвестициялар чөйрөсүндөгү учурдагы жагдайды сүрөттөө, Кыргызстандын атаандаштык артыкчылыктарын талдоо, түз чет элдик инвестициялардын глобалдык тренддери), көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү сүрөттөөнү камтыйт.

Ошондой эле, бул документ үч жылдык мөөнөткө болжолду, стратегиялык максаттарды, милдеттерди, мониторинг жүргүзүү механизмдерин жана аларды ишке ашырууга баалоону камтыйт.

Ошондой эле 2018-2020-жылдарга экспортту өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыгууда.

Жогоруда белгиленген документтер, азыркы учурда, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууга байланыштуу толукталып иштелип чыгууда жана актуалдаштырууда

 

2

Фонддун үлүштүк катышуусу же инвесторлор жана долбоорлордун демилгечилери менен өз ара мамилелердин башка формалары түрүндө Өнүктүрүү фондунун каражаттарын колдонуу менен инвестицияларды тартууга стимул берүү механизмин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирдикте иштеп чыгуу

 

Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 325 токтому менен бекитилген.

282 млн сом уставдык капиталы менен «Кепилдик фонду» ачык акционердик коому түзүлгөн. 2017-жылдын 31-мартына карата «Кепилдик фонду» ААК 19,7 млн сом суммасына 24 кепилдик берген.

«Кепилдик фонду» ААК мындан ары капиталдаштыруу максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоону тартуу маселеси иштелип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү, анын алкагында инвестициялык сунуштарды даярдоо, ошондой эле инвесторлор менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлөт

 

3

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонууну активдештирүү, бюджеттин түйшүгүн азайтуу үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна жеке инвестиция салууга дем берүү боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнунда № 88 «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы кабыл алынган, ага ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө жана верификациялоо процессин тактоого, алардын артыкчылыктуу ийгиликтүүлүгүнүн мүмкүндүгүн, артыкчылыктуу тармактарга шайкештигин, тобокелдиктердин алгылыктуулугун баалоого жана жалпысынан МЖӨ чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулган.

Мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр жана толуктоолор МЖӨ долбоорлорун демилгелөөдө жеке өнөктөштөргө коюлуучу талаптарды жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле жеке өнөктөштү аныктоо боюнча тендердик жол-жоболорду жүргүзүүдө мөөнөттөрдү кыскартууга багытталган. Ошондой эле, МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана ийгиликтүү киргизүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2016-жылдын 16-июнунда № 327 «2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому жана 2016-жылдын 16-июнунда № 328 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңеш түзүү жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Аталган Программанын негизги максаты МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.

МЖӨ механизмдерин натыйжалуу ишке киргизүү үчүн конкреттүү сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр аныкталды, алар төмөнкүлөргө багытталган:

-         Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу;

-         кыйла сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү шарттарында эң аз чыгымдар жана тобокелдиктер менен социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке секторлордун ресурстарын жана тажрыйбасын бириктирүү аркылуу МЖӨ институтун өнүктүрүүнү күчөтүү жана дем берүү.

Ушул Программанын алкагында эң мыкты эл аралык тажрыйбаларга ылайык МЖӨ долбоорлорунун кудуреттүүлүгүн жана финансылык жагымдуулугун жогорулатуу максатында МЖӨнүн финансылык инструменттерин өнүктүрүү боюнча жобо чагылдырылган, алар:

1. Узак мөөнөттүү зайымдык каражаттарды улуттук валютада берүү үчүн инфратүзүмдү каржылоо фонду, бул ата мекендик банк секторлору ушундай каржылоону берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигине байланыштуу;

2. Кепилдик фонду, долбоорлорду каржылоонун жеке булактарынын тобокелдиктерге кабылышын азайтуу, анын ичинде валюталык тобокелдиктерди, кредит берүү наркынын жогорулоо тобокелдигин, кирешенин жетишпестик тобокелдигин, саясий тобокелдиктерди камсыз кылуу максатында;

3. Субсидияланган каржылоо фонду, экономикалык жактан негизделген жана жагымдуу болуп саналган, бирок керектөөчүлөрдүн төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн кирешелердин жетишсиздигинен улам финансылык жактан кудуреттүү болуп саналбаган МЖӨнүн долбоорлорунун кудуреттүүлүгүнүн жетишсиздигинде финансылык колдоо көрсөтүү үчүн.

МЖӨ, мыйзам базасы, учурдагы статусу, Кыргызстанда МЖӨ өнүктүрүү боюнча пландар жана көйгөйлөр жөнүндө маалыматтар менен www.ppp.gov.kg сайты иштеп баштады.

МЖӨ Фондунун Байкоо кеңеши менен МЖӨнүн 8 долбоорлору боюнча тийиштүү тендердик документтерди жана техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу боюнча консультациялык кызматтарды жалдоого акы төлөө боюнча каражаттарды бөлүп берүү жактырылган:

- «Кыргыз Республикасынын дарылоо-профилактика уюмдарында компьютердик томографтарды орнотуу» (демилгечи - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги);

- «Улуттук госпиталдын базасында ангиографиялык борборлорду түзүү» (демилгечи - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги);

- «Жол жээгинде муниципалдык унаа токтоочу жайларды уюштуруу» (демилгечи - Бишкек шаарынын мэриясы);

- «Бишкек шаарынын шаардык транспортун жакшыртуу» (демилгечи - Бишкек шаарынын мэриясы);

- «Бишкек шаарында мектепке чейинки мекемелерди куруу» (демилгечи - Бишкек шаарынын мэриясы);

- «Өзгөн шаарын акы төлөнүүчү айланма жолу» (демилгечи - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги);

- «Нарын облусунун Ат-Башы айылында бажы - логистикалык комплексти куруу» (демилгечи - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы);

- «Токмок шаарында КТК натыйжалуу жыйноону, ташып чыгууну жана утилдештирүүнү уюштуруу» (демилгечи - Токмок шаарынын мэриясы).

 

4

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу боюнча иштерди активдештирүү

Кыргыз компаниясы «Янас» ЖЧК менен иран компаниясы менен Иранга 500 тонна этти жеткирүү жөнүндө Меморандум түзүлдү. Иш жүзүндө Иранга 120 тонна эти жеткирилди.

Чүй облусунда эт-сүт комбинатын куруу пландалууда. Долбоордун инвесторлору «Йимпаш Азия тарым вехайванджылык Лтд» түрк компаниясы болуп саналат. Инвестициялардын суммасы 5 млн. АКШ долларын түзөт.

Теңге гүлдү өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча Гонконгдук инвесторду тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Азыркы учурда, Токмок жана Ак-Суу участогунун базасында үрөндөрдү сыноо пландалууда.

Индия менен Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында илгерилеген маселелердин бири болуп Таластагы картошка кайра иштетүүчү заводун эксплуатацияга киргизүү саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-апрелиндеги
№ 145-б Индиянын «LarkLogisticsPvt.Ltd» компаниясынын катышуусу менен, ар бир катышуучунун үлүшүн аныктап «Таластагы картошка иштетүүчү завод» биргелешкен ишканасын түзүү жөнүндө буйругу кабыл алынды.

2016-жылдын 19-майындаКыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана «LarkLogisticsPvt.Ltd» компаниясы ортосунда картошканы кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтү ортосундагы 2014-жылдын 24-июнундагы 0,15 жылдык пайыздык ставка жана 5 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен 25 жыл мөөнөткө 40 млн. евро суммасында жардам берүү алкагында кредит алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылдын 22-апрелинде № 173-б «Айыл Банк» ААКсы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана өнөр жай ишканалары үчүн Польша Республикасынан чыгарылган айыл чарба техникаларын, жабдууларын сатып алуу жана аларды 7 жыл мөөнөтүнө айыл чарба жана башка өнөр жай субъекттерине (алардын билдирүүсү боюнча) лизингге берүү жөнүндө буйругу кабыл алынган. Лизинг алуучулар үчүн пайыздык ставканын өлчөмү кошумча күрөөлүк мүлктү койбостон, лизинг предметинин наркынан 30% алгачкы төгүмү (минималдык салымы) менен, лизинг алуучунун киргизген салымынын өлчөмүнө жараша жылдык 7-9% өлчөмүндө түзүлөт. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан долбоордун оператору катары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун аныктоо бөлүгүндө жогоруда белгиленген буйрукка өзгөртүү киргизилүүдө.

Конструктивдүү экономикалык кызматташуунун улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтү өз ара макулдашуу боюнча жогоруда белгиленген Макулдашуунун 13-беренесине ылайык ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду түзүштү, ага ылайык долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2018-жылдын 28-февралына чейин узартылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-мартындагы № 191 токтому менен 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы бекитилген

 

5

Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын каскады ГЭС куруу күчүн инвесторлорду тартуу боюнча эл аралык тендерди жарыялоо

Азыркы учурда, 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашууну денонсациялоого байланыштуу маселелерди россиялык тарап менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процесстери жүргүзүлүүдө.

Бир эле учурда КЭР, Иран жана Чехия компаниялары менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

 

6

Чакан ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу башка булактарын куруу үчүн инвесторлорду тартуу жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу, жергиликтүү бийлик органдары менен инвестордун өз ара аракеттенүүнүн так тартибин, электр энергиясын сатып алуу механизмдерин, жер үлүштөрүн бөлүү ж.б. иш чараларын иштеп чыгуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 токтому Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу укугуна тендер өткөрүү жөнүндөгү жобо менен бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1/1 буйругу менен Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонгон, электр энергиясын иштеп чыккан ишкана тарабынан иштелип чыккан электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияга жеткирүүнүн типтүү келишими бекитилген.

Азыркы учурда, чакан ГЭС куруу укугуна тендерди өткөрүү жана шарттарды бекитүү боюнча ведомстволор аралык тендердик комиссияны түзүү маселеси иштелип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Э.Ж.Байбакпаевдин төрагалыгы алдында менен Жумушчу топ тарабынан «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыкты, ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонгон субъекттер үчүн преференцияларды берүү максаты менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Электр энергиясы жөнүндө», «Өзгөчө коргоого алынган аймактар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт.

Жогоруда аталган мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу толукталып иштелип чыгууда

 

7

Чакан ГЭС куруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча Чехия Республикасы менен макулдашууга кол коюу жол-жобосун аяктоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 токтому Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектро станцияларды куруу укугуна тендер өткөрүү жөнүндөгү жобо менен бекитилди.

Азыркы учурда, чакан ГЭС куруу укугуна тендерди өткөрүү жана шарттарды бекитүү боюнча ведомстволор аралык тендердик комиссияны түзүү маселеси иштелип чыгууда.

 

8

Көкөмерен жана Сары-Жаз сууларына беш ГЭС курууну тездетүү, ошондой эле аларды электр өткөргүч чубалгыларын курууну камсыздоо үчүн зарыл жабдуулар менен жабдуулоо

 

1. Көкөмерен суусу боюнча.

Электр энергиясын иштеп чыгаруу дараметин көтөрүү максатында Орто жана узак мөөнөттүү мезгилге иштеп чыгаруу кубаттуулуктарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан. Иш-чаралар планына Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын куруу долбоору киргизилген. Аталган долбоорго жалпы белгиленген кубаттуулугу 1305 МВт жана жылына 3420 млн. кВтс электр энергиясын чыгаруу менен Көкөмерен ГЭС-1, Көкөмерен ГЭС-2 жана Каракол ГЭС куруу кирет.

2016-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча агенттиги менен Кыргыз Республикасындагы «СиногидроКорпорейшнЛимитед» ЖЧК ортосундагы инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүүдө кызматташуу боюнча ниеттери жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Бул Меморандумдун алкагында «СиногидроКорпорейшнЛимитед» ЖЧК менен «Электр станциялары» ААК менен биргеликте райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жер тилкелерин пайдаланууга укугун алуу боюнча иштерди аякташты.

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынан алынган уруксаттын негизинде «СиногидроКорпорейшнЛимитед» ЖЧК Көкөмерен ГЭС-2 курулуш аймагында инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүүгө киришти.

2. Сары-Жаз суусу боюнча.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы
№ 323-б буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн, ал Сары-Жаз суусунун суу-энергетикалык ресурстарын өздөштүрүү маселеси боюнча корутунду даярдады.

Корутундуда негизги министрликтер менен ведомстволордун позициялары, жана бир катар көйгөйлүү маселелер чагылдырылган. Бассейнди өздөштүрүү айрым кендердин, маданий мурастардын, бар болгон жол жана чарбалык инфраструктуралардын жоголушуна алып келиши мүмкүн, курчап турган чөйрөгө мүмкүндү терс таасири изилденген эмес. Сары-Жаз суусунун агымын Ысык-Көл жана Чүй облустарына буруунун же Сары-Жаз суусун бурбастан энергетикалык максаттарда гана пайдалануунун максатка ылайыктуулугун изилдөө негизги маселелердин бири болуп саналат.

Жогоруда берилгендерди эске алып, бассейнди өздөштүрүү боюнча иштер токтотулган.

Пайдалуу кендерди казуу жана анча чоң эмес кубаттуулуктагы деривациялык ГЭСтерди (Сары-Жаз суусунун режимине таасир тийгизбей турган) куруу маселелерин иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июнундагы № 621 токтому менен «Сары-Жаз» тоо энергетикалык корпорациясы» ЖЧКсы түзүлгөн.

 

9

Ош облусунун Ноокат шаарында канализация системасын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин карап чыгуу

Азыркы учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда «Ноокат шаарында суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу системасын реабилитациялоо» долбооруна карата техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул долбоорду ишке ашырууга 5, 02 млн. евро каралган.

 

10

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 507 токтому менен бекитилген 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын өнүктүрүү концепциясынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо

2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында төмөнкү иштер жасалды:

- ПРООНдун «Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында www.energo.e-sot.kg сайты иштелип чыкты, анда кубаттуулуктарын көрсөтүү менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн 63 келечектүү участок көрсөтүлдү (облустар боюнча);

- Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынды;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-мартындагы № 175 токтому менен Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу укугуна тендер жөнүндө жобо бекитилди;

- Чакан ГЭС куруу укугуна тендер өткөрүү жана шарттарды бекитүү боюнча ведомстволор аралык тендердик комиссия түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору иштелип чыкты;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги «1/1 буйругу менен Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонгон, электр энергиясын иштеп чыккан ишкана тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканага жеткирүүнүн типтүү келишими бекитилген;

- кубаттуулук бирдиктерин электр тармактарына технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмү бекитилди.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонгон субъекттерге преференцияларды берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Ж.Байбакпаевдин төрагалыгы алдындагы жумушчу топ тарабынан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыкты, анда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө», «Өзгөчө коргоого алынган аймактар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган.

 

11

Түз инвестицияларды талап кылган, бардык региондордогу мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жер участокторун, өндүрүштүк жайлардын жана иштебей токтоп турган ишканалардын тизмесин түзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда аталган объектилерди берүүнүн жана пайдалануунун тартибин жана шарттарын иштеп чыгуу

 

Түз инвестицияларды салууну талап кылган мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жер участокторунун, өндүрүштүк жайлардын жана иштебей токтоп турган ишканалардын тизмеси түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын аймагында иштебей токтоп турган ишканалардын интерактивдүү картасы түзүлдү. Иштебей токтоп турган ишканаларды маалымат базасына киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Инвесторлор менен мындан ары иштешүү үчүн мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жер участокторун, өндүрүштүк жана башка жайларды берүүнүн жана сатуу-сатып алуунун тартиби чөйрөсүн жөнгө салган, колдонуудагы ченемдик укуктук базаны эске алуу менен аталган тартипти жана шарттарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү максатында «Кыргыз Республикасындагы индустриялык парктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты, мында белгилүү преференциялары менен инвесторлор үчүн муниципалдык жана жеке менчик участокторду берүүнүн шарттары каралган. Аталган долбоор макулдашууда.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган. Жогоруда берилгендерди эске алуу менен, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жер участокторун, өндүрүштүк жайларды берүү жана колдонуу жөнүндө жобонун өз алдынча долбоорун иштеп чыгууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз.

 

12

Үч айлык мөөнөттө «Чайна Петроль Компани «Джунда» жана «Токмок ишкер мунай зат иштетүүчү заводу» мунай зат иштетүүчү заводдорду иштетүү үчүн сырьё жеткирүү боюнча стратегиялык өнөктөштү аныктоо, ошондой эле ички рынокту КММ менен толтуруу жана салык салуу базасын көбөйтүү максаттарында жогоруда аталган объектилерди толук кубаттуулукта ишке киргизүү боюнча так чараларды көрүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы Мунайды жана мунайзаттарын жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз тарабынын мурунураак жиберген билдирмелерине ылайык аларда Россия Федерациясынан 450 миң тонна көлөмүндөгү мунайды жеткирүүнү кошуу пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧК, «Токмок ишкер мунай иштетүүчү завод» ЖЧК, «SvRich LTD» ЖЧК, «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК, «Кеминский НПЗ» ЖЧК мунайды кайра иштетүүчү заводдорун чийки зат менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2017-жылга мунайдын индикативдүү балансын түзүү алкагында алымсыз жеткирүүлөр аркылуу мунайды жана мунай чийки затын жеткирүү маселелери иштелип чыкты.

Азыркы учурда Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда кол коюлган мунайдын жана мунайзаттарынын жактырылган индикативдик балансын дипломатиялык каналдар боюнча берүүсү күтүлүүдө. 2017-жылга индикативдүү баланска бардык тараптын колу коюлганына жараша мунай иштетүүчү заводдор тарабынан россия компаниялары менен мунайды жана мунай чийки затын жеткирүү маселелери иштелип чыгат.

 

13

 2016-жылдын 1-июлуна чейин электрондук визаларды берүүнү баштоо, инвесторлор үчүн айыл чарбасына, билим берүүгө, саламаттык сактоого, маданиятка, инфратүзүмгө инвестициялык визаларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле виза алууга арыз берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмегин кыскартуу

Электрондук визаларды берүү тышкы миграцияларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын алкагында ишке ашырылат. Электрондук виза Тышкы миграцияларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын чакан компоненттеринин бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы менен инвестициялык визалардын чектик суммасы 10 млн. сомдон кем эмес суммада белгиленген.

Өзүнүн чечимдерин жогоруда аталган Мыйзамга шайкеш келтирүү максатында, 2017-жылдын 5-апрелинен тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө жыңы нускама ишке киргизилди.

Нускамада инвестициялык виза Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган 10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына берилээри каралган.

 

14

Төлөм жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана карызкор-субъектинин абалын жакшыртуу максатында реабилитациялоо, санация жана реструктуризациялоо жоболорун колдонуу механизмдерин активдештирүү жана өркүндөтүү

 Карызкор-ишкананы иштеп жаткан чарбакер бирдик катары сактап калуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү, кредиторлордун укуктарын коргоону чыңдоо, банкроттук жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле «Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү» Индикатору боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингдик көрсөткүчүн жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
9-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген, «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнөтүлгөн. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 3 жолку окууда каралып, учурда Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюга киргизилген.

 

15

Азыркы экономикалык шарттарга адаптацияланган салык, бажы жана башка мыйзамдарды өркүндөтүү жана ишкердик үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча иштерди улантуу, бул учурда салык мыйзамынын туруктуулук алдын ала айтуу принциптерин сактоо

Салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 363-б буйругу менен түзүлгөн, салык мыйзамдарын азыркы экономикалык шарттарга адаптациялоо жана ишкердик үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселеси боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында жүргүзүлүп жатат, ал үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыкты.

 Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы базарларга чыгаруу боюнча салык мыйзамдарын өркүндөтүү максатында төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылар кабыл алынды:

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы, анда төмөнкүлөр каралган:

  1. уюлдук байланыштан тышкары, экспорттук берүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары берүүлөрдөн сатуу салыгын алып салуу, КНСтин ставкасын жогорулатпоо;
  2. колдонуудагы каттоо чегин 8,0 млн. сомго чейин жогорулатуу;
  3. 2016-жылдын 1-июнунан тартып, бардык салык төлөөчүлөр үчүн сатуудан салыктын ставкасынын төмөнкүдөй өлчөмүн белгилөө:

- 0 пайыз – жүргүзүлгөн бүтүмдөр боюнча накталай эмес төлөмдөрдө;

- азыркы учурда колдонулуудагы 1-3% ставка боюнча – накталай акча каражаттары менен төлөөдө;

4) айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр үчүн жеңилдиктерди колдонуу мөөнөтүн узартуу.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 26-январындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамында буудайдын импортуна жана ушул буудайдан унду (ТЭИ ТН 1001 товардык позициясы) жеткирүүгө 2018-жылдын 1-сентябрына чейин КНС төлөөдөн бошотуу каралган.

2016-жылдын 12-августундагы № 166 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жалган ишкерлерге карата КНСти башкарууну күчөтүүнү карайт.

2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусунда Армения Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы (Беларусь Республикасынан башкалары) тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө Келишимге кол коюлган. 2017-жылдын 11-апрелинде ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге Беларусь Республикасы кол койгон.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге Беларусь Республикасынын кеч кол койгонуна байланыштуу ЕАЭБге мүчө – мамлекеттер тарабынан Келишимди ратификациялоо жана ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишим менен бирге күчүнө кирүүсү керек болгон Евразия экономикалык комиссиясынын актыларын даярдоо, ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө жаңы Келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан 2017-жылдын 1-июлунан 2018-жылдын 1-январына жылдырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимге Беларусь Республикасынын кол койгондугу жана аталган Келишимди ратификациялоо жол-жоболорунун башталганы тууралуу кабарлоо алган эмес.

Бүгүнкү күндө, жогоруда айтылгандарга карабастан, бажы кодексинин ченемдерин улуттук мыйзамдарга адаптациялоо боюнча жумушчу топ «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоорун даярдады, анда ЕАЭБ Бажы кодексинин жана улуттук мыйзамдарды ченемдери камтылды. Улуттук мыйзамдын алкагында ЕАЭБ Бажы кодекси менен 350 шилтеме ченемдер сунушталууда, алар өлкөнүн ичинде бажы процесстерин кыйла ийкемдүү жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Евразия экономикалык комиссиясы жана ЕАЭБге мүчө – мамлекеттердин эксперттери менен биргеликте ЕЭКтин 154 чечими иштелип чыгууда, алар ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө Келишим жана ЕАЭБдин эл аралык келишимдери менен бирге күчүнө кириши керек.

ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө Келишимге Беларусь Республикасынын кол койгондугу тууралуу расмий кабарлоо келгенден кийин ЕАЭБ Бажы кодексин ратификациялоо жол-жоболорун даярдоо иштери башталат.

 

16

Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу жана мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү үчүн Салык кодексинин ченемдери менен карама-каршылыктарды табууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризациялоо жүргүзүү

Салык мыйзамдарына инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 363-б буйругу менен түзүлгөн, Салык мыйзамдарын азыркы экономикалык шарттарга адаптациялоо жана ишкердик иш үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселеси боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна инвентаризациялоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда:

  1.  «Керектөөчүлөрдүн укуктарын колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына – кассалык/товардык чектерди берүүгө карата талаптар такталды;
  2. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине – контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонбогондугу жана ККМны Салык кызматына маалымат берүү (онлайн режиминде) функциясын өчүрүп коюу менен колдонуу үчүн айып пул белгиленди, кайталанганына жараша айып пулду көбөйтүү каралды ;
  3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине – коомдук иштерге тартуу жана ишкердик иш менен алектенүү укугун токтотуу түрүндөгү жазаларды берүү менен, ККМны колдонбогону үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленди.

 

17

Товарларды тышкы рыноктордо чыгаруу максатында:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин бирин ЕАЭБдин ички чек араларында соода тоскоолдуктарын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө кыргыз тараптын өкүлү катары акыктоо жана ЕАЭБге интеграциялоо проблемалары боюнча координатор кылып дайындоо жана анын жоопкерчилигин жогорулатуу

ЕАЭБдин ички чек араларында соода тоскоолдуктарын алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө кыргыз тараптын өкүлдөрү болуп, ЕАЭБ маселелери боюнча координатор катары Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри О.М. Панкратов жана Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А.З. Сазбаков дайындалган.

 

18

ЕАЭБге мүчө-мамлекет катары Кыргыз Республикасынын экономикасынын Өкмөт аныктаган ар бир артыкчылыктуу тармагында өнүктүрүү секторлорунун багыттарын конкреттештирүү, иш-чаралар планын иштеп чыгуу

2017-2019-жылдарга инвестицияларды тартуу стратегиясынын долбоору менен экономиканын артыкчылыктуу секторлору аныкталды, орто мөөнөттүк келечекте аларга өзгөчө көңүл бурулат.

2017-2019-жылдарга инвестицияларды тартуу стратегиясынын долбоору менен экономиканын артыкчылыктуу секторлору аныкталды, орто мөөнөттүү келечекте аларга өзгөчө көңүл бурулат.

 Артыкчылыктуу секторлорду аныктоо үчүн критерийлер катары төмөнкүдөй факторлор тандалып алынды:

- сектордогу жогорку кошумча нарк;

- сектордогу пайданын жогорку ченеми;

- сектордо зарыл болгон окутулган эмгек ресурстарынын болушу;

- жумушчу күчтүн баасы боюнча атаандашуу жөндөмдүүлүгү;

- сырьёнун жеткиликтүүлүгү;

- субжеткирүүчүлөрдүн болушу (жергиликтүү субподрядчылар же комплекстүү жеткирүүчүлөр);

- сектордо мурда ишке ашырылган инвестициялардын болушу (чет өлкөлүк жана жергиликтүү);

- экономиканын башка секторлору менен байланыштын (таасирдин) болушу;

- секторго инновациялык технологияларды жайылтуу потенциалы;

- секторго «жашыл экономиканы» жайылтуу потенциалы.

Ушул критерийлерден улам, орто мөөнөттүү мезгилде жеке инвестицияларды илгерилетүү үчүн артыкчылык катары төмөнкүдөй секторлор аныкталды:

- тигүү тармагы;

- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү/ тамак-аш азыктарын өндүрүү;

- туризм

 

19

ЕАЭБ рыногуна кыргыз товарларынын жолтоосуз кириши боюнча кадамдык иш-чаралар планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгуу жана кыргыз-казак чек арасында ветеринардык контролду алып салуу боюнча толук чараларды көрүү

 

Тышкы рынокто ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 174 токтому менен 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планы бекитилген, ал ата-мекендик товарларды тышкы рынокторго, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө илгерилетүүгө багытталган. Азыркы учурда тышкы рыноктордо жагдайдын өзгөргөндүгүн эске алуу менен ушул Планды актуалдаштыруу жүргүзүлүүдө.

 Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирликке кошулганда республика бир катар милдеттенмелерди өзүн алган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Иш-чаралар планынын («Жол картасынын) 110-пунктунда каралган милдеттенме. Ушул пунктка ылайык республика 2017-жылга чейин карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыз кылуу системасын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкеш келтирүүгө милдеттенген.

Жогоруда аталган Макулдашууга ылайык Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Оштогу лабораториянын жаңы имаратын курууга жана Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Борбордук лабораториянын имаратын капиталдык оңдоого, аларды лабораториялык жабдуулар, эмеректер жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен жабдуулоо үчүн 1 246 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүп берүү каралган.

Россиянын ФБКга жогоруда белгиленген иш-чараларды жүргүзүүгө керектүү документтер берилген, ошондой эле РФ Россельхознадзору менен макулдашылды жана Россиянын ФБКга лабораториялык жабдуулардын жана башка материалдардын тизмеги жөнөтүлгөн.

Буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы лабораторияны капиталдык оңдоого 5 898 448 (беш миллион сегиз жүз токсон сегиз төрт жүз кырк сегиз) сомду, лабораторияны жана башка керектүү инвентарь менен жабдууга 5 353 897 (беш миллион үч жүз элүү үч сегиз жүз токсон жети) сомду;

- Талас облусунун Кара-Буура районундагы лабораторияны капиталдык оңдоого 8 586 328 (сегиз миллион беш жүз сексен алты үч жүз жыйырма сегиз) сомду, лабораторияны жана башка керектүү инвентарь менен жабдууга 5 353 897 (беш миллион үч жүз элүү үч сегиз жүз токсон жети) сомду бөлүп берет.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча эки лабораторияны заманбап жабдуулар менен жабдуу жана капиталдык оңдоого тендер жарыяланган. Талас облусундагы фитосанитардык лабораторияны колдонууга киргизүү 2017-жылдын мартында ишке ашырылды, ал эми Ысык-Көл облусунда иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда, Казакстан Республикасынын техникалык жардамынын алкагында Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында лабораторияларга имараттарды курууга жана аларды лабораториялык жабдуулар жана башка материалдар менен жабдууга документтер макулдашуу стадиясында турат.

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу менен, ветеринардык комиссиянын инспекциялык ишинин жыйынтыгы боюнча мал чарбасынын продукциясын экспорттоо мүмкүндүгү алынган. Республика боюнча сүттү иштетүүчү 12 ишкана, балык багуу боюнча 3 уюм, этти иштетүү боюнча 1 ишкана жана бал чогултуу боюнча 2 уюм Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөргө продукциясын экспорттоо укугуна ээ болгон Ишканалардын реестрине киргизилди (бардыгы 18 ишкана). Бардык ишканалар азыркы учурда өзүнүн продукциясын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттошот.

 

20

Республикалык бюджетке салыктык келип түшүүлөрдүн ири жоготууларына алып келген жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөткөн салык контролунан тышкары жана демпингдик баалар боюнча ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз алып кирүүлөрдү токтотуу боюнча жооптуу органды бир айлык мөөнөттө аныктасын жана так механизмдерди иштеп чыгуу

2016-жылдын 26-июлунда»Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)» Кыргыз Республикасынын № 140 Мыйзамы кабыл алынды, ал ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү жана ишкердик субъекттерин коргоого багытталган, документтерсиз жана төмөндөтүлгөн баалар боюнча ЕАЭБден товарларды ташып кирүүгө жана сатууга ыкчам жооп кайтарууну камсыз кылуу максатында «контролдук баалардын минималдык деңгээли» механизмин киргизүүнү караштырат.

Жогоруда аталган Мыйзамды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз республикасынын аймагына импорттогон товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган. Бул токтом менен ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган жооптуу орган катары аныкталган.

Ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган тарабынан М400 Д20 маркасындагы портландцементке баалардын минималдык деңгээли белгиленген. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттогон негизги 10 товарларга минималдык баалар белгиленди:

1) ун, ТЭИ ТН коду 1101001100;

  1. ун, ТЭИ ТН коду1101001500;
  2. белоруссиялык кант, ТЭИ ТН коду1701991009;
  1. россиялык кант, ТЭИ ТН коду1701991009;
  2. көмүр, ТЭИ ТН коду2701190000;
  3. күрүч, ТЭИ ТН коду1006 30 940 0;
  4. күрүч, ТЭИ ТН коду1006 30 440 0;
  5. күрүч, ТЭИ ТН коду1006 30 250 0;
  6. күрүч, ТЭИ ТН коду1006 40 000 0;
  7. жыгач/матер, ТЭИ ТН коду 4407 10 9300.

Жыгач материалдарга жана күрүчкө баалардын минималдык деңгээлин белгилөө демилгеленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынды, ал Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында чек аранын жанында товарларды өткөрүүгө салыктык контролду күчөтүүнүн караштырат.

 

21

 2016-жылдын республикалык бюджетине эл аралык стандарттарга шайкеш келе турган лабораторияларды курууга жана айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча транспорттук-логистикалык комплекстерди курууну ишке ашырууга каражат бөлүү максатында өзгөртүү киргизүүнү кароо;

 Ветеринардык чаралар чөйрөсүндө.

 Учурда ЕАЭБдин алкагында ветеринардык лабораторияларды оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана иштеп жаткан 28 лабораториянын ичинен серологиялык жана капрологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн 19 гана лаборатория калат.

Ветеринардык изилдөө жана экспертиза борборлорун реконструкциялоонун биринчи этабын жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17 июнундагы № 275-б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга 27600 000 (жыйырма жети миллион алты жүз миң) сом бөлүнгөн:

- Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборун капиталдык ондоого жана лабораториялык жабдууларды алууга 11,7 (он бир миллион жети жүз миң) сом;

- Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборун капиталдык оңдоого жана жабдууга 12,9 (он эки миллион тогуз жүз миң) сом;

 - ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорунун 18 адисинин квалификациясын жогорулатууга – 3 000 000 (үч миллион) сом.

 Ошондой эле жаңы ветеринардык лабораторияларды куруу пландаштырылууда. Бул максатка төмөнкүдөй финансылык каражаттар бөлүндү:

 - Баткен, Талас, Каракол жана Балыкчы шаарларында 4 ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун куруунун долбоордук-сметалык документтерине, топографиялык сүрөттөрүнө жана архитектуралык пландарын иштеп чыгууга - 8 200 000 (сегиз миллион эки жүз миң) сом;

 - 13 ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун капиталдык оңдоп түзөтүүнүн долбоордук-сметалык документацияларын иштеп чыгууга - 1500000(бир миллион беш жүз миң) сом.

 Фитосанитардык чаралар чөйрөсүндө.

Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыздоо системасын ЕАЭБлдин талаптарына ылайык келтирүү боюнча милдеттенмелерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 275-б буйругунун негизинде республикалык бюджеттен 26 484 717 (жыйырма алты миллион төрт жүз сексен төрт миң жети жүз он жети) сом бөлүнгөн, анын ичинен:

 - Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы Мох көчөсүнүн 124-үй дареги боюнча жайгашкан имаратты капиталдык оңдоп түзөтүүгө 5 898 448 (беш миллион сегиз жүз токсон сегиз миң төрт жүз кырк сегиз) сом;

 - Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын Больничная көчөсүндөгү 2-үй дареги боюнча жайгашкан имаратты капиталдык оңдоп түзөтүүгө 8 586 328 (сегиз миллион беш жүз сексен алты миң үч жүз жыйырма сегиз) сом;

 - Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы Мох көчөсүнүн 124-үй дареги боюнча жайгашкан лабораторияны жабдуулар жана керектүү инвентарлар менен жабдууга 5 353 897 (беш миллион үч жүз элүү үч миң сегиз жүз токсон жети) сом;

 - Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын Больничная көчөсүндөгү 2-үй дареги боюнча жайгашкан лабораторияны жабдуулар жана керектүү инвентарлар менен жабдууга 5 353 897 (беш миллион үч жүз элүү үч миң сегиз жүз токсон жети) сом бөлүнгөн.

 2017-жылы Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында үч карантиндик фитосанитардык лабораторияларды куруу каралаган.

 Соода-логистикалык комплекстерди (борборлорду) куруу маселелери боюнча.

 Айыл-чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 600 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарга карата айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлор системасын өнүктүрүү жана түзүүнүн негизги багыттарын бекитүү Концепциясы иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-августундагы № 353-б буйругу менен Кыргыз Республикасында 2016-2017-жылдарга карата айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык борборлор системасын өнүктүрүү жана түзүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген.

Иштеп жаткандар:

 1. Сокулук айылындагы «Агропродукт-Азия» ЖЧК , 3 миң тонна;

 2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Оберон» ЖЧКсы. 2400 тонна сактоого эсептелген.

  1. Кант шаарындагы «Милан» компаниясынын тобу .
  2.  Аламүдүнн р-н, Пригородное айылындагы «Кыргызстан Лоджистан» ЖЧКсы.

 Пландаштырылгандар:

  1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мраморное айылындагы «Форсайт Техно» ЖЧКсы карготерминалы менен логистикалык борбор курууда. Кампа аянттарынын жалпы аянты 18000м2. Долбоордук наркы - 9 миллион АКШ доллары.
  2.  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында «Экопродукт-Азия» ЖЧК 5 га жер соода-логистикалык борбор курууга бөлүнүүсү пландалууда.
  3.  Баткен облусунун «Кызыл-Кыя ТФЗ» АК базасында куруу сунуш кылынууда. Бардык инфраструктура бар.
  4.  Ош шаарынын ХБК районунда «Агропродкорпорация» ААКка тиешелүү 3.5 га аянтка куруу сунуш кылынууда.
  5. Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылында эт жана жашылча-жемиш экспорттоого багытталган соода-логистикалык борбор курууга 10 га аянты менен жер участок бар. Учурда долбоорлоо кызматын сатып алууга тендер жарыяланды.
  6.  «JICA» япон агенттиги Кочкор айылында жергиликтүү логистикалык борбор куруу үчүн 100 миң АКШ долларын бөлөт.

22

 Тамак-аштын коопсуздук маселелери боюнча ЕАЭБдин техникалык регламентин сактоонун алкактарында Кыргызстан тарабынан «Преференциялардын жалпы тутуму» статусун пайдаланууда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу үчүн НАССР менеджментинин тутуму тууралуу ишкердик субъекттерге маалымдоо боюнча көмөк көрсөтүү

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунда жарым жылдык иш планга ылайык окутуу семинарлары жүргүзүлүүдө. План мекемелерден берилген арыздардын негизинде түзүлөт. 2017-жылдын 6-8- февралында « ИСО 22000. ХАССП эл аралык стандарты» темасында окутуу курсу болуп өттү.

2017-жылдын 28-29-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Евразиялык экономикалык комиссиянын эксперттеринин катышуусу менен өндүрүүчүлөр, экспортерлор жана мамлекеттик органдар үчүн 2017-жылдын жылдын 12-августунан тарта Бажы союзунун техникалык регламенттеринин күчүнө кире тургандыгы жөнүндө жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча ишканаларда коопсуздук менеджментинин НАССР системасын киргизүү зарылдыгы боюнча семинар болуп өттү.

23

 Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин административдик укук бузууларын жасоодо долбоорду ишке ашыруу алкактарында алынуучу айып пулдарды пайдалануунун эсебинен инвестицияларды тартпай туруп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорун андан ары өнүктүрүү жана өз алдынча киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карасын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 9 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 «Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызмат адамдарынын милдеттерин жана транспорттук каражаттарды эксплуатацияга кабыл алуу үчүн негизги жоболорун жана жол кыймылынын эрежелерин бекитүү жөнүндө» жөнүндө токтомуна толуктоолор киргизилди. Толуктоолор менен жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото-видео аныктоочу тутумдар аркылуу аныктоого уруксат берилди, жол кыймылын уюштуруу тартибин өзгөртүү үчүн «Видеокөзөмөлдөө» жана «Эвакуатор» кошумча жол белгилери киргизилди.

 Фото-видео аныктоо системасына инвестиция тартпастан, төлөнгөн айып пулдардын эсебинен мындан ары ишке киргизүү үчүн шарт түзүү максатында 2016-жылдын 8-апрелинде «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алынган айып пулдардан алынган сумманы түзүү жана пайдалануу жөнүндө пункт каралган.

Учурда алынган каражатты республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүү механизмин иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 18-январындагы № 27-буйругуна ылайык видео байкоо, фото жана видео аныктоо, фото жана видео таануу программалык-аппараттык комплексин ишке киргизүү максатында ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү, негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

-    Бишкек жана Ош шаарларында болуп жаткан шаардык инфраструктурасы боюнча талдоо жүргүзүү;

-    видео көзөмөлдөө программалык-аппараттык комплексин, фото- жана видео фиксация, фото- жана видео аныктоочу тутумдарынын элементтерин орнотуу үчүн жайларды аныктоо;

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча маалыматты даярдоо.

Бишкек-Кара-Балта автоунаа жолунда орнотулган («РИОМ» автоунаа базарынын алдында) жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктаган аппараттык-программалык комплексинин фото-видео фиксациясы тарабынан 2016-жылдын февраль айынан бери 82 140 мыйзам бузуулар аныкталып, республикалык бюджетке 9,8 млн сом түштү

24

Инвестицияларды коргоо максатында:

төмөнкү чараларды көрүлсүн:

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин жана Өкмөттүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378 буйругуна ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын чечимин аткаруу боюнча Жогорку Кеңешке 2016-жылдын 10-майына чейин алардын аткарылышы тууралуу маалымат берүү боюнча.

Конституциялык палатанын чечимин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Ж.П. Разаковдун төрагалыгы астында тиешелүү ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Учурда комиссия бул маселени жөнгө салуу боюнча алгылыктуу вариант издөө боюнча иш алып барууда

25

 - ишкердик ишине болгон администрациялык жана жөнгө салуучулук жүгүн «гильотина принцибин» колдонуу менен азайтуу боюнча жана жүргүзүлгөн иш жөнүндө маалымат берүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-январындагы № 4 жөнгө салуучулук реформа токтомунун кабыл алынышы менен Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүгө анын кесепети катары, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө бөгөт болгон тоскоолдуктарды ачыкка чыгарууга багытталган «Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу» киргизилген. Аталган токтом менен КРнын Премьер-министринин жетекчилигинде Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеш түзүлгөн.

Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеши тарабынан ишкердик ишти жөнгө салуучу укуктук ченемдик актыларынын (ЧУА) тизмеси бекитилген (1068 ЧУА). ЧУАнын ушул тизмеси мамлекеттик органдардын жумушчу топтору талдоодон өткөрүп жана жүргүзүлгөн талдоонун жана ЧУА баалоонун жыйынтыгын коомчулукка жеткирүү үчүн http://e-guillotine.kg веб-сайтында жарыяланган.

Аталган талдоонун негизинде, Кеңештин жумушчу органы менен 1068 ЧУАнын ичинен 496 ЧУАга сунуштамалар иштелип чыккан, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

109 ЧУА – күчүн жоготту деп табылсын;

69 ЧУАга – өзгөртүүлөр киргизилсин;

318 ЧУА – өзгөртүүсүз калтырылсын.

Аталган сунуштамалар Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңештин 2016-жылдын 7-июлунда жана 13-декабрында өткөн жыйындарында бекитилди.

Бул сунуштамалар мыйзамдардагы карама-каршылыктарды, кайталанган ченемдерди алып салууга, ошондой эле ар түрдүү коррупциялык схемаларды жоюуга жана бизнести өнүктүрүү үчүн айрым ченемдерди оптималдаштырууга багытталган.

Бардык сунуштамалар ишкерлердин материалдык жана убактылуу чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет. Эксперттердин берген баасы боюнча сунуштамалардын аткарылуусу 976,5 млн. сом экономикалык эффект берет жана 2,8 млн. саат үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

 

26

Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуунун (бизнес-Омбудсмендин) кызмат ордун түзүү боюнча;

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн функцияларынын жана ыйгарым укуктууларынын арасында ишкердик ишинин субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуунун ыйгарым укуктарын КР Соода өнөр жай палатасынын президентине жүктөө боюнча ченем жок. Бул ченем «Соода өнөр жай палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында да жок.

 Буга байланыштуу Реконструкциялоо жана өнүктүрүү европа банкы менен кийинки имплементация менен Кыргыз Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын президентине – бизнес- омбудсмендин ыйгарым укуктарын ыйгаруу механизмин аныктоо үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү боюнча алдын ала келишим жетишилди.

 

27

 Инновациялык жана өндүрүштүк мүнөздөгү ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлашкан уруксат берүү практикасына, лицензиялоого, сертификаттоого, каттоого, кыймылсыз мүлктү (турак жай эмес башпааналарды) ижаралоого байланыштуу төрөпейилдик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча;

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-январындагы № 4 жөнгө салуучулук реформа токтомунун кабыл алынышы менен Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүгө анын кесепети катары, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө бөгөт болгон тоскоолдуктарды ачыкка чыгарууга багытталган «Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу» киргизилген. Аталган токтом менен КРнын Премьер-министринин жетекчилигинде Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеш түзүлгөн.

Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңеши тарабынан ишкердик ишти жөнгө салуучу укуктук ченемдик актыларынын (ЧУА) тизмеси бекитилген (1068 УЧА). ЧУАнын ушул тизмеси мамлекеттик органдардын жумушчу топтору талдоодон өткөрүп жана жүргүзүлгөн талдоонун жана ЧУА баалоонун жыйынтыгын коомчулукка жеткирүү үчүн http://e-guillotine.kg веб-сайтында жарыяланган.

Аталган талдоонун негизинде, Кеңештин жумушчу органы менен 1068 ЧУАнын ичинен 496 ЧУАга сунуштамалар иштелип чыккан, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) 109 ЧУА – күчүн жоготту деп табылсын;

2) 69 ЧУАга – өзгөртүүлөр киргизилсин;

3) 318 ЧУА – өзгөртүүсүз калтырылсын.

Аталган сунуштамалар Жөнгө салуучулук реформа боюнча кеңештин 2016-жылдын 7-июлунда жана 13-декабрында өткөн жыйындарында бекитилди.

Бул сунуштамалар мыйзамдардагы карама-каршылыктарды, кайталанган ченемдерди алып салууга, ошондой эле ар түрдүү коррупциялык схемаларды жоюуга жана бизнести өнүктүрүү үчүн айрым ченемдерди оптималдаштырууга багытталган.

Бардык сунуштамалар ишкерлердин материалдык жана убактылуу чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет. Эксперттердин берген баасы боюнча сунуштамалардын аткарылуусу 976,5 млн. сом экономикалык эффект берет, жана 2,8 млн. саат үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Кыймылсыз мүлктү ижаралоо чөйрөсүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыккан.

Колдонулбаган мамлекеттик аянттарды ижаралоодо ишкердик ишинин субъекттеринин кызыкчылыктарын жогорулатуу үчүн токтом долбоору ижаралоо келишиминин аракеттенүү мөөнөтүнүн жалпы чектүү мөөнөтүн эки жылдан үч жылга чейин көтөрүүнү караштырат.

Ошондой эле токтом ижаралоо келишимин каттоо жол-жобосунун мөөнөттөрүн кыскартууну, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ижарачы тарабынан берүү жөнүндө ченемди жокко чыгарууну караштырат.

Долбоордо «Мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдерин эсепке алуу жана каттоо» электрондук порталын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүүнү караштырылган.

Сертификациялоо чөйрөсүндө

 Шайкештикти милдеттүү ырастоонун формасы катары сертификациялоо билдирүүчүнүн сертификациялоо боюнча органга кайрылуусу боюнча ишке ашырылат. Конкреттүү продукцияны сертификациялоо үчүн колдонулган сертификациялоо схемалары техникалык регламент менен аныкталат.

Билдирүүчү тийиштүү техникалык регламентте ушул продукция үчүн каралган схемалардын жана формалардын арасынан шайкештикти ырастоо формасын жана схемасын тандап алууга укуктуу.

ЕАЭБ алкагында дээрлик бардык тамак-аш продукциясы шайкештикти декларациялоо формасында гана шайкештикти милдеттүү ырастоого тийиш.

Ата-мекендик продукцияны ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнө жеткирүү үчүн чыгарылуучу же өндүрүлүүчү ата-мекендик продукция ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келиши керек жана ЕАЭБ техникалык регламенттерине ылайык сертификациялоо же декларациялоо жол-жоболорунан өтүшү керек.

ЕАЭБ Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген сыноо лабораторияларында жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорунун негизинде кабыл алынган бирдиктүү үлгүдөгү шайкештик жөнүндө декларация таризделет.

ЕАЭБ сертификациялоо жана сыноо лабораториялары боюнча органдардын бирдиктүү реестрине киргизилген продукцияны сертификациялоо боюнча органдар ЕАЭБ бирдиктүү үлгүдөгү шайкештик сертификатын бере алышат жана ЕАЭБ бирдиктүү үлгүсүндөгү продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияны каттай алышат.

Ишкерлерге шайкештик жөнүндө декларацияны тариздөө боюнча органды тандоо мүмкүндүгү берилет. Алар шайкештик жөнүндө декларацияларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде акысыз түрдө же ЕАЭБ бирдиктүү реестрине киргизилген продукцияны сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдарда акы төлөп каттата алышат.

 

28

Коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматчылардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максаттарында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү боюнча;

Коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү максатында 2016-жылдын 2-июнунда «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамына кол коюлган, ал кызмат боюнча жылдыруу системасын өркүндөтүү боюнча ченемдерди караштырат, тактап айтканда, эмгек натыйжалуулугун баалоо, кесиптик өсүш жана карьералык өсүштү пландоо боюнча жоболорду караштырат. Кабыл алынган мыйзамдын максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоо системасын жана кызматкерлердин натыйжалуу, жооптуу иши үчүн материалдык жана материалдык эмес мотивация механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат.

 

29

- ЭЭЧнин субъекттеринин жана Өкмөттүн алдында отчётту бекитүү менен ЭЭЧнин башкы дирекциясынын туруктуу отчёттуулугун орнотсун;

2016-жылдын 8-июлунда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 376 токтому кабыл алынган, анын 51-пунктунун 2-пунктчасында ЭЭЧнин башкы дирекциясы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин ЭЭЧнин ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал белгилеген форматка ылайык "Бишкек" ЭЭЧнин башкы дирекциясынын иши тууралуу отчетту тапшырат деп белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан буйрук менен бекитиле турган ЭЭЧ башкы дирекцияларынын отчеттуулук форматы иштелүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомдун 51-пунктунун 3-пунктчасына ылайык ЭЭЧ башкы дирекцияларынын милдетине тийиштүү жылга "Бишкек" ЭЭЧны өнүктүрүүнүн ар жылдык планын иштеп чыгуу жана ЭЭЧнын ишинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү да кирет.

2016-жылдын августунда ЭЭЧ башкы дирекцияларынын жетекчилеринин иш-аракеттеринин жалпыланган планы жөнөтүлгөн, анда потенциалдуу жана иштеп жаткан ЭЭЧ субъекттери менен дайыма иштеп турган диалогдук платформаны башкы дирекцияларга тапшыруунун алкактарында ЭЭЧ субъекттери ЭЭЧ башкы дирекциялары жүргүзгөн иш-чаралар тууралуу маалымат сурап ала алышат.

 

30

 - Интернет тармактарында жана ММКларда инвестициялык келечектүү жана маанилүү долбоорлорду, бул багыттагы мамлекеттик органдардын отчётторун, тендерлерди жана алардын жыйынтыктарын, мамлекеттик сатып алууларды жана башкаларды жарыялоолорду андан ары өнүктүрүү жана колдоо боюнча сунуштарды түзүү үчүн инвестициялык иштердин абалы жөнүндө аналитикалык маалыматтарды жалпыга жеткиликтүү жана туруктуу жаңылоо менен жайгаштыруу боюнча иштерди дайыма жүргүзсүн;

www.invest.gov.kg расмий сайтын жүргүзүү жана толтуруу аркылуу ишти маалыматтык агартуу боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө.

 Иш-чаралар жөнүндө пресс-релиздерди жарыялоодон тышкары, ведомствонун инвестициялык иши жөнүндө аналитикалык маалымат, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максаты менен чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча маалымат жайгаштырылып турат.

 Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк потенциалы жана Кыргыз Республикасынын продукциясынын жагымдуу имиджинин түзүлүшү жөнүндө маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик менен «Кыргызстанда жасалган» мамлекеттик сайтынын концепциясы иштелип чыгууда. Сайттын негизги функциялары кыргыз товарлары жөнүндө маалымдоо, товарлардын сапаты жөнүндө маалымдоо, КР өндүрүлгөн товарлардын жагымдуу имиджин түзүү, ошондой эле товарлар жана продукция өндүрүүчүлөрдүн жаңыртылган маалымат базасы болуп саналат.

 

31

- Ишкерлер үчүн консультациялык кызмат көрсөтүү тутумун кеңейтүү, ишкерлер үчүн бирдиктүү Интернет-портал түзүү, ишкердик субъекттерин маалыматтык-консультациялык колдоонун инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында мамлекеттик колдоо чараларынын тутумун толуктап иштеп чыксын;

 «Рroverka.kg» расмий порталы түзүлдү, ал ишкердик субъекттерин текшерүү процесстерин башкаруунун автоматташтырылган системасы жана мамлекеттик контролдоочу органдар менен текшерүү маселелери боюнча маалыматтык порталды айкалыштырат.

 Ишкерлер сайтка кирип, төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды ала алышат:

-         качан жана кайсы инспектор текшерүүнү мерчемдеп жатканы;

-         ишкер тобокелдиктин кайсы деңгээлине кирээри;

-         аны канча текшерээри;

-         текшерүү боюнча жайылтылган суроолор;

-         текшерүү боюнча мыйзамдык база;

-         он-лайн режиминде форум жана мыйзамсыз текшерүүлөргө карата ишкерлердин даттанууларын кабыл алуу.

«Жөнгө салууну тутумдук талдоо» жөнгө салуу реформасын ишке ашыруу алкагында «е-Гильотина» электрондук маалымат базасы түзүлгөн, анда 3377 документ камтылган. Бул база мамлекеттик органдарга, ошондой эле ишкерлерге ишкердик иштерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды баалоого жана талдоого мүмкүндүк берет.

Экономика министрлигинин астында 2015-жылдын 9-сентябрында бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү боюнча Координациялык кеңеш түзүлгөн.

Кеңештин максаты болуп, ишкерлер үчүн туруктуу иштөөчү аянтча уюштуруу, бизнес-чөйрөнү колдоо жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу болуп саналат, ал мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы диалогду камсыз кылуу аркылуу жетишилет, анда бизнес өкүлдөрү көйгөйлөрүн же ишкердик боюнча сунуштарын айтат, бизнес чөйрөнү жакшыртууга багытталган чараларды биргеликте иштеп чыгышат. Бул аянтчанын алкагында жума сайын тематикалык жолугушуулар уюштурулуп турат.

Ушул Кеңештин алкагында бизнес-коомчулуктун катышуусу менен жолугушуулар өткөрүлүп турат, анда ишкердик иштерге таасирин тийгизүүчү ар кандай маселелер каралып турат жана көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору талкууланат.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин базасында Маалымат-маалымдоо порталы түзүлдү (мындан ары – Портал) жана интеграция шарттарында Евразия экономикалык бирлигине Кыргыз Республикасынын адаптацияланышына байланыштуу маселелер боюнча «Шыр байланыш» кызматы түзүлгөн.

Портал жана «Шыр байланыш» кызматы ЕАЭБ шарттарында жаңы жоболор жана эрежелер жөнүндө кеңири коомчулукту маалыматтык коштоону жана түшүндүрүүнү жакшыртуу максатында түзүлгөн.

Портал жана «Шыр байланыш» кызматынын ишинде жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн суроолорго жооп бере турган жана түшүндүрө турган министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери ишке тартылган.

   ЕАЭБ шарттарында жаңы жоболор жана эрежелер жөнүндө маалымат алууну каалаган жарандар жана ишкерлер Маалымат-маалымдоо порталына кайрыла алышат, ошондой эле www.info.trade.kg дареги боюнча интернет портал аркылуу өздөрүнүн суроолорун электрондук түрдө жибере алышат

 

32

Жогорку Кеңешке төмөнкү мыйзам долбоорлорун үч айлык мөөнөттө киргизсин:

- контролдоочу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүн кыскартуу жана бири-бирин кайталаган функцияларын жоюу боюнча, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарын жана кийин тиешелүүлүгүнө жараша пландык текшерүүлөрдү алып таштоону караган

 

 Мамлекеттик органдар тарабынан административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана ишкердик субъекттерди текшерүүнү кыскартуу максатында 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.

 Аталган Мыйзам ишкерлердин укугун коргоого, коррупциялык механизмдерди жок кылууга багытталган, анда төмөнкүлөр каралган:

-         жаңы ишкерлерди текшерүүдөн 3 жылга бошотуу;

-         санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тарабынан ишкерлерди текшерүүнүн санын 2 эсеге азайтуу;

-          контролдук текшерүүнүн мөөнөтүн 1 күнгө чейин чектөө;

-         потенциалдуу коррупциялык механизмдерди жоюу.

 Мамлекеттин ашыкча контролдоо – көзөмөлдөө функцияларын кыскартуу жана контролдук-көзөмөлдөө системасын оптималдаштыруу максатында
 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 195 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому кабыл алынган. Аталган токтомдо мамлекеттик контролдоочу органдардын санын 11ден 10го чейин кыскартуу каралган. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жөнөтүлдү.

 

33

- Укукка сыйбаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин жогорулатууну жана аларды өз убагында жоопкерчиликке тартууну караган Салык, Кылмыш-жаза кодекстерине жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча;

 

 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин салык кызматы органынын кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тиешелүү ченемдери Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 145-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган, анда укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган салык кызматы органынын кызмат адамы, анын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенден кийин 3 жыл бою салык кызмат органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 42-беренесинин 12 жана
13-пункттарында каралган ченемдерге ылайык, салык төлөөчү салык кызматы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга, ошондой эле салык кызматы органынын мыйзамсыз чечиминен, анын кызмат адамынын мыйзамсыз аракетинен же аракетсиздигинен улам келген чыгымдын жана зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуртуп алууга укуктуу.

Салык кодексинин жаңы редакциясында салык органынын кызмат адамына талаптарды күчөтүү боюнча ченем каралууда, башкача айтканда, эгерде салык органынын чечими сот тарабынан ырасталбаса, бул салык органынын кызмат адамын бошотуу үчүн негиз болуп саналат.

 

34

Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий киргизүү, ошондой эле өндүрүш чөйрөсүндө чет өлкөлүк инвестициялар менен жаңы катталган субъекттер үчүн салык каникулун белгилөө боюнча;

Жаңы ачылган ишканалар текшерүүдөн 3 жылга бошотулган.

Текшерүүлөр жөнүндө толук маалымат берилип турган «Рroverka.kg» расмий порталы түзүлдү. Бул ар бир колдонуучуга жеткиликтүү ишкердик субъекттерди текшерүү боюнча концептуалдык жаңы маалымат база.

 Ишкерлер он-лайн режиминде сайтка кирип, төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды ала алышат:

-         кайсы маморган качан текшерүүгө келүүнү пландап жатканы;

-         ишкердик субъект тобокелдиктин кайсы деңгээлине кирээри;

-         аны канча текшерээри - текшерүү боюнча мыйзамдык база.

Текшерүү мөөнөттөрү эки эсеге кыскарды: 30 жумуш күндөн 15 жумуш күнгө чейин, чакан бизнестин субъекттерине – 5 күнгө чейин.

Мамлекеттик контролдоочу органдарга объекттердин тобокелдик даражасын жана ага жараша текшерүүлөрдүн жыштыгын аныктоого мүмкүндүк берүүчү тобокелдик даражасы киргизилди.

Алсак, тобокелдик даражасына жараша объект төмөнкүдөй текшерилет:

- жогорку тобокелдик даражада – бир жылда бир жолудан көп эмес;

- орто тобокелдик даражада – үч жылда бир жолудан көп эмес;

- анча маанилүү эмес тобокелдик даражада - беш жылда бир жолудан көп эмес.

Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларда каралган ишкердик иш объектилерине карата бардык милдеттүү талаптар чогултулган текшерүү баракчалары киргизилди. Бардык контролдоочу органдар тарабынан мындай текшерүү баракчалары бекитилди, бул инспекторлорго текшерүүлөрдү сапаттуу жүргүзүүгө, ошондой эле ишкерлерге алардын бизнесине контролдоочу органдар тарабынан коюлуучу бардык талаптар менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүгө тыюу салынган.

Укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелери бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы
№ 417 «Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан ишкерлерди текшерүүнүн саны 2 эсеге кыскарган.

Контролдоочу органдын тастыктоочу маалыматтар жана материалдар жок пландалбаган текшерүүнү жүргүзүү укугу алып салынган.

Контролдук текшерүүнүн мөөнөттөрү 1 күнгө чейин чектелген.

 

35

 «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын жана жакынкы 10 жылда туристтик тармакты өнүктүрүү жана туризмди өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча Концепцияны;

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2016-жылдын 31-майындагы № 233 буйругу менен министрликтердин, ведомстволордун жана туристтик бизнестин өкүлдөрүнүн курамындагы «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Азыркы учурда жумушчу топ тарабынан аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 192 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасы бекитилген.

Учурда инвесторлор менен төмөнкү объекттерди куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө:

- Бишкек ш. беш жылдыздуу эки отелдин курулушу;

- Бишкек ш. төрт жылдыздуу эки отелдин курулушу;

- Ысык-Көл облусундагы беш жылдыздуу эки отелдин курулушу;

- Ысык-Көл облусундагы аква-парктын курулушу.

 

36

Инвестициялык талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча

 Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда пайда болгон инвестициялык талаштарды чечүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобосуна толуктоо киргизилген.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 10-январындагы экономикалык жана фискалдык саясат боюнча чечими

37

Эл аралык «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги КР позициясын жакшыртуу тууралуу маселеси Өкмөттүн жыйынында каралсын, ведомстволук жумушчу топ түзүлсүн жана аталган рейтингде КРнын позициясын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын кадамдык планы иштелсин

 2017-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 2017-жылы эл аралык «Бизнес жүргүзүү» рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.

 Планда рейтингдеги Кыргыз Республикасынын кыйла мыкты индикаторлорун жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүнгөн, атап айтканда, «Электр түйүндөрүнө кошулуу», «Салык салуу», «Төлөмгө жараксыздыкка уруксат берүү» жана «Келишимдерди аткарууну камсыз кылуу».

 Координацияны күчөтүү максаттарында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү.

38

Үч ГЭСтин каскадын куруу максаттарында «Сары-Жаз» дарыясындагы гидрогеологиялык изилдөөлөрдү жүргүзсүн

Үч ГЭСтин каскадын куруу максаттарында «Сары-Жаз» дарыясындагы гидрогеологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн адистештирилген гидрогеологиялык уюмду ишке тартуу зарыл.

Учурда каржылоо булагы аныктала элек.

39

Бизнести өнүктүрүү үчүн техникалык шарттарды берүү жана жерди транформациялоо боюнча маселелер чечилсин

 

Военно-Антоновка айылдык кеңеши тарабынан 2017-жылдын 2-мартында «Легпром» Ассоциациясына Чүй областынын Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык кеңешинин аймагынан 40,74 гектар аянтындагы жер үлүшүн «Текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн технополис» долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарылган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер үлүшүн трансформациялоо жөнүндө чечиминин долбоору иштелип чыгууда.

Ушул долбоорду ишке ашыруунун алкактарында 5 миң жумушчу орунун түзүү менен текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн 20 өнөр жай ишканасын жайгаштыруу пландалууда.

40

Чыгашалуу, токтоп турган, мамлекеттин менчик үлүшү бар АКларга баа берүү

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 59 акционердик коомдо акционер болуп саналат, алардын ичинен:

  • 38 АК иштеп жатат;
  • 5 АК жоюлуу процессинде;
  • 6 АК кудуретсиздик процессинде;
  • 10 АК иштебейт.

38 иштеген АК ичинен мамлекет:

  • 13 АКда жалгыз акционер болуп саналат;
  • 15 АКдан акциялардын контролдук пакетине ээ (51 % дан 99,98 % чейин);
  • 6 АКдан акциялардын анча маанилүү эмес пакетине ээ (6,6 % дан 24,9 % чейин);
  • 4 АКда миноритардык акционер болуп саналат (0,004 % дан 2,6 % чейин).

 38 иштеп жаткан АКдан 12 компания Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери болуп саналат.

2016-жылы 19 чарбакер коомдон республикалык бюджетке 2,285 млрд сом суммасындагы дивиденд которулган.

Азыркы учурда мамлекеттик менчик үлүшү бар 11 акционердик коом чыгашалуу болуп саналат жана токтоп турат. Мамлекеттин катышуусу менен чарбакер коомдун капиталдарындагы катышуусунун максатка ылайыктуулук маселеси каралууда. Стратегиялык эмес компаниялардын жана чакан, өтүмдүү эмес акциялардын пакетин мамлекеттик акция пакеттерине менчиктештирүү максатка ылайыктуу болуп жатат.

Мамлекеттик компанияларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн башкаруунун холдингдик түрүнө өтүүнүн ар башка варианттары каралып жатат.

41

 Мектеп жана ооруканалар боюнча Сауд Аравиясы менен макулдашууга кол коюуну өзгөчө контролго алуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2017-жылдын 15-20 май аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы менен жыл сайын өткөрүлүүчү 42-жолугушуунун иштөөсүнө катышуунун алкагында (Джидда шаарында) Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү фондунун ортосунда кредиттик макулдашуунун төмөнкү долбоорлоруна кол коюу пландаштырылууда:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 571-р буйругу менен жактырылган мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринин курулушун финансылоо жөнүндө кредиттик макулдашуу(30,0 млн. АКШ доллары).
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 503-б буйругу менен жактырылган «Медициналык тез жардам балдардын клиникалык ооруканасын кеңейтүү жана реконструкциялоо» долбоорун финансылоо жөнүндө кредиттик макулдашуу(30,0 млн. АКШ доллары).
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 69-б буйругу менен жактырылган Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү жолу) автожолунун долбоору боюнча кредиттик макулдашуу (20,0 млн. АКШ доллары).

42

Асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбаларын мамлекеттик колдоо боюнча чараларды кабыл алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 «Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоого алуу чаралары жөнүндө» токтому кабыл алынган.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28-б буйругу менен Бодо малды жасалма уруктандыруу жүргүзүлө турган пилоттук айыл аймактарынын тизмеси бекитилген.

Көрүүлөрдүн саны : 889