2020-жылдын 11-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

07-02-2020 15:58

ДОЛБООР

 

2020-жылдын 11-февралындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы №319 токтому менен жактырылган «Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна;

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, П.Тулендыбаев, И.Гаипкулов, А.Арапбаев, У.Примов, Б.Сыдыков, З.Жамалдинов, А.Абжалиев, А.Мамашова, Д.Бекешев жана Д.Исаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР Социалдык фонду жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» (кир. №6-17693/18 20.09.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатты И.Т.Гайпкулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү боюнча)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-21546/19 16.10.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Гайпкулов Искандер Торобаевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы №630 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2020-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

7. Ар кандай маселелер.

«Караван» соода борборунун аймагында иш жүргүзгөн ишкерлердин жумуш менен камсыз болууга байланышкан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын соода, коомдук тамак аш, колдонуучулар кооперацияларынын жана башка ишкердиктин түрлөрүнүн жумушчулар Кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин кайрылуусу.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары –Туманов Токтогул Туманович;

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна караштуу «Мүлк» МИнын директору – Каримов Тариел Келдибекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы – Таиров Бакир Дуулатович.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 460