2020-жылдын 4-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

30-01-2020 17:25

ДОЛБООР

 

2020-жылдын 4-февралындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №431 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-23417/18 27.11.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Пирматов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-22679/19 28.10.19-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Пирматов Исхак Айтбаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы – Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Улуттук банктын тышкы аудиторун бекитүүгө сунуштоодо өз ара иш алып баруу тартибине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банктын кайрылуусун кароо тууралуу.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечиминин долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

6. Ар кандай маселелер.

 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин бирдиктүү салык декларациясын берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматы жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына БСД боюнча материалдарды берүү жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Дюшембиев Нурлан Касымбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы – Мамбетов Алмаз Ишенбекович;

КРӨнө караштуу МККнын алдындагы «Унаа» Мамлекеттик ишканасынын директору – Козубаев Алымжан Калыкович.

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

 

Көрүүлөрдүн саны : 563