2020-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

24-01-2020 11:38

ДОЛБООР

 

2020-жылдын 28-январындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-сентябрындагы №498 токтому менен жактырылган “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Салиев Бахтияр Усманович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы №483 токтому менен жактырылган «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясынын директору – Джуншев Джолдошбек Маликович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы №290 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Кадыров Дастан Курманбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы – Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевич.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнундагы №319 токтому менен жактырылган «Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын финансы министри – Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору милдетин аткаруучу – Аманкулов Мирслав Акалович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы – Молдошева Динара Автандиловна.

Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директору Мадумаров Канатбек Маматович;

 

5. Ар кандай маселелер.

1) «Караван» соода борборунун аймагында иш жүргүзгөн ишкерлердин жумуш менен камсыз болууга байланышкан маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын соода, коомдук тамак аш, колдонуучулар кооперацияларынын жана башка ишкердиктин түрлөрүнүн жумушчулар Кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин кайрылуусу.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович;

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна караштуу «Мүлк» МИнын директору – Каримов Тариел Келдибекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрѳшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тѳрагасы-Таиров Бакир Дуулатович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 513