2020-жылдын 14-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

09-01-2020 17:26

ДОЛБООР

 

2020-жылдын 14-январындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы №564 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Төлөнов, А.Назаров, К.Зулушев, У.Примов, Р.Чойбеков, Т.Тиллаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-6955/19 27.0319-ж.). (үчүнчү окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 82 токтому менен жактырылган “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (экинчи окууга)

Баяндамачы:Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Чакырылгандар: «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнун башкармалыгынын төрайымы – Эгамбердиева Джумагуль Шариповна.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-23417/18 27.11.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабайевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, Ж.Акаев, А.Исмаилова, Д.Бекешев, Е.Строкова, А.Арапбаев, У.Примов, Н.Каримов, С.Джураев, А.Кулбараков, О.Бакиров, М.Эгембердиев, И.Маннанов, К.Керезбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-20271/19 01.10. 2019-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри – Исаков Каныбек Абдуваситович;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

6. Ар кандай маселелер.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 570