2019-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

20-12-2019 15:21

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 24-декабрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы №483 токтому менен жактырылган «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары – Ахматов Султан Маматович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясынын директору – Джуншев Джолдошбек Маликович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы №481 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-февралындагы № 82 токтому менен жактырылган “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору (экинчи окууга)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Чакырылгандар: «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы» ААКнун башкармалыгынын башчысы – Эгамбердиева Джумагуль Шариповна.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Төлөнов, А.Назаров, К.Зулушев, У.Примов, Р.Чойбеков, Т.Тиллаевдер тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (кир.№ 6-6955/19 27.0319-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Толонов Данияр Эрмекович

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатты И.Т.Гайпкулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү боюнча)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир.№ 6-21546/19 16.10.19-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиниин депутаты – Гайпкулов Искандер Торобаевич

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы – Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №431 токтому менен жактырылган «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Кожошев Арзыбек Орозбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри – Бейшенов Жанат Саматович.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги №159 “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун долбоору

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Ураимович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич.

 

8. Ар кандай маселелер.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                           С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 468