2019-жылдын 22-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

17-10-2019 18:05

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 25-июндагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4262-V «Кыргыз Республикасынын Индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө» токтомунун аткарылуусу жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги  № 3021-VI "Кытай Эл Республикасы менен чек арада чегарага чектеш сооданын "Иркештам" Эл аралык борборун түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы жөнүндө

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Торутаев Алтынбек Элимович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, А.Осмонова, Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-5397/19 07.03.2019-ж.) (үчүнчү  окууга)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 10-июнундагы №288 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (үчүнчү  окууга)

БаяндамачыКыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жапаров А., Жетигенов Б., Зулпукаров Т., Юсуров А., Маматалиев М., Абжалиев А., Сулайманов А. тарабынан демилгеленген  «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (12.03.19-ж. кир.№6-5669/19.) 

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Жапаров Акылбек Усенбекович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Абиров Мыктыбек Медетбекович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, П.Тулендыбаев, И.Гаипкулов, А.Арапбаев, У.Примов, Б.Сыдыков, З.Жамалдинов, А.Абжалиев, А.Мамашова, Д.Бекешев жана Д.Исаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР Социалдык фонду жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» (кир. №6-17693/18 20.09.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы №32 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору ( кайрадан экинчи окууга кайра киргизилип жатат).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы №289 жана 2019-жылдын 1-августундагы №395 токтомдору менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

         9. Ар кандай маселелер 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 408