2019-жылдын 14-15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйынынын күн тартиби Өткөрүлүүчү жай жана убагы: Ыссык-Көл району

11-10-2019 10:03

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин көчмө жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: Ыссык-Көл району, пансионат "Ак Марал".

 

1. Ыссык-Көл областынын аймагындагы мамлекеттештирилген объектилерди башкаруу жана тескөө жана алардын абалы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы «Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу» №941-V токтомунун алкагында).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Аскаров Замирбек Марипбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери менен мамлекеттештирилген мүлктөрдүн мурунку менчик ээлеринин мүлккө болгон укугун калыбына келтирүү жөнүндө кайрылууларын кароо боюнча Комиссиянын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жан туризм министри Жаманкулов Азамат Капарович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыссык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Осмоналиев Акылбек Шарипович;

Ыссык-Көл районунун акими – Иманалиев Данир Белекович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору – Аманкулов Канат Маратович;

«Мүлк» мамлекеттик ишканасынын директору – Каримов Тариэль Келдибекович;

«Витязь» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары –Байкубатов Эркин Жыргалбекович.

Мамлекеттештирилген объектилердин жетекчилери тизме боюнча.

 

2. «Каприз» жана «СК Ресурс» жоопкерчилиги чектелген коомдордун уставдык капиталдарындагы мамлекеттик үлүштөрүн менчиктештирүүнү кайра баштоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы №86 токтому.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы – Исакулов Жылдызбек Абдилахатович;

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери менен мамлекеттештирилген мүлктөрдүн мурунку менчик ээлеринин мүлккө болгон укугун калыбына келтирүү жөнүндө кайрылууларын кароо боюнча Комиссиянын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич

«Каприз» жана «СК Ресурс» жоопкерчилиги чектелген коомдордун генералдык директору – Никитина Наталья Георгиевна.

 

3. 2019-жылга жайкы туристтик сезондун жыйынтыгы жөнүндө.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жан туризм министри Жаманкулов Азамат Капарович.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жан туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору – Дамир уулу Максат.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри – Омурбекова Алтынай Сейтбековна;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыссык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Осмоналиев Акылбек Шарипович;

«Кыргызтуризм» мамлекеттик ишканасынын директору – Казаков Данияр Болушевич.

 

4. «Ыссык-Көл областында кышкы туризмди өнүктүрүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Сабиров Максат Эсенович

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жан туризм министри Жаманкулов Азамат Капарович.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри – Джунушалиев Кашкар Астаканович;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы – Шаршеев Уларбек  Зарлыкович;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жан туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору – Дамир уулу Максат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыссык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Осмоналиев Акылбек Шарипович;

 

5. Ысык-Көл областындагы курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелер чөйрөсүнөн салыктардын түшүүсү жөнүндө.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү боюнча DFID программасы менен кызматташуу жөнүндө, программалар жана долбоорлор

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү боюнча DFID программасынын жетекчиси – Наталии Пипия айым.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 236