2019-жылдын 17-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

12-09-2019 12:37

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 17-сентябрындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жайы жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, С.Айдаров, А.Арапбаев, Г.Асылбаева, А.Осмонова, Э.Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-5397/19 07.03.2019-ж.).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Бекешев Дастан Далабаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-июнундагы №289 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы №395 токтому менен жактырылган «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э. Толонов, Т.А. Масабиров, Г.К. Асылбаева, У.Б. Примов, Т.Г. Тиллаев, Б.С. Турусбеков, И.Т. Гаипкулов, К.Ж. Рыспаев, М.И. Бакиров менен  демилгеленген «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-12058/19 2019-жыл 27-май)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты –. Төлөнов Данияр  Эрмекович.

 

Чакырылгандар: Кыргызстандын кесиптик бирликтердин федерациясынын төрагасы - Асанакунов Мирбек Аскарович;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри – Джаманкулов Марат Тургунбаевич;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы - Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

5. «ЕАЭБге айыл чарба продукцияларынын экспортуна, «Бирдиктүү терезе» принцибин колдонуу көйгөйлөрүн чечүүгө жолтоо болгон административдик тоскоолдуктарды болтурбоого, ошондой эле логистикалык борборлордун ишин өркүндөтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Байбакпаев Экмат Джурукпаевич.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Чодуев Эркинбек Урайымович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Торутаев Алтынбек Элимович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору – Жумаканов Калысбек Туратбекович;

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти – Шаршекеев Марат Дуйшебаевич.

 

6. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы №58 «Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун макулдашуу тууралуу.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

7. «2020-жылга бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун макулдашуу тууралуу.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абдалиев Кабыл Кушбакович.

 

8. Ар кандай маселелер.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 334