2019-жылдын 14-майындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

13-05-2019 09:04

ДОЛБООР

 

2019-жылдын 14-майындагы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын күн тартиби

 

Өткөрүлүүчү жай жана убагы: 1-кабат, Батыш залы, саат 14-00

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Ж.Мусабекова, Б.Сыдыков жана А.Осмонова тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. №6-682/19 16.01.19-ж.) (экинчи окууга кайрадан).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги №210 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга кайрадан).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, П.Тулендыбаев, И.Гаипкулов, А.Арапбаев, У.Примов, Б.Сыдыков, З.Жамалдинов, А.Абжалиев, А.Мамашова, Д.Бекешев жана Д.Исаева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («КР Социалдык фонду жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» (кир. №6-17693/18 20.09.18-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.Асылбаева, Т.Икрамов, Г.Молдобекова, С.Айдаров, Д.Бекешев, Б.Сыдыков, Б.Субанбеков, У.Примов, Д.Исаева, Ж.Мусабекова и А.Абжалиев тарабынан демилгеленген «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-5785/19 13.03.19-ж.) (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты – Асылбаева Гюльшат Кадыровна.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №633 токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги №190 токтому менен жактырылган «2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу жөнүндө  макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

 

7. Ар кандай маселелер.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                          С. Айдаров

Көрүүлөрдүн саны : 352