Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-мартындагы “Электрдик жана почталык байланыш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна КОРУТУНДУСУ

03-04-2017 15:32

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 28-мартындагы

 

“Электрдик жана почталык байланыш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген (2016-жылдын 27-апрелиндеги № 219-токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 9-мартында №1395-VI экинчи окууда кабыл алынган “Электрдик жана почталык байланыш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана талкуулап төмөнкүлөрдү белгилейт.

Ушуга чейинки мезгилде мыйзам чыгаруу демилгеси субъектилери тарабынан сунуштар жана сын-пикирлер түшкөн жок.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөндөгү корутундуга келди:

 

  1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана үчүнчү окууда кабыл алуу сунушталсын.

 

  1. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин жыйынында кароо учурунда Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

Төрага                                                                                       М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 1349