Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 28-мартындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Электр жана почта байланышы жөнүндө, Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата КОРУТУНДУСУ

03-04-2017 15:31

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 28-мартындагы

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Электр жана почта байланышы жөнүндө, Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

 

КОРУТУНДУСУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Омуркулов, Д.Д.Бекешев, Н.В.Никитенко демилгелеген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши экинчи окууда кабыл алган (2017-жылдын 9-мартындагы №1396-VI - токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Электр жана почта байланышы жөнүндө, Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылынган долбоорун карап жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Өткөн мезгилдин ичинде бул мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А. Масалиевден редакциялык мүнөздөгү бир сунуш келип түштү. Атап айтканда, расмий тилдеги текстти мамлекеттик тилдеги текстке шайкеш келтирүүнү, 32-берененин 2-пунктунда «тыюу салынат» деген сөздүн алдында «жарнак жайгаштырууга» деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылат.

Комитет бул сунушка макул болду жана мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизди. Мыйзам долбоорунун бардык тексттеринде да ушул сыяктуу редакциялык түзөтүүлөр киргизилди.

 

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Электр жана почта байланышы жөнүндө, Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө, Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйналышынын кароосуна киргизилсин жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу сунушталсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында кароо учурунда Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

Төрага                                                                                       М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 1434