Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2020-жылдын 14-январындагы Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы тууралуу ЧЕЧИМИ

19-02-2020 16:25

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт,

коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2020-жылдын 14-январындагы

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 3

«Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы тууралуу

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы тууралуу (“Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу боюнча) Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А. Ногойбаевдин маалыматтарын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары (Нурбаев А., Пирматов И., Мавлянова М., Бакиров М., Алимбеков Н., Акаев Ж., Иманалиев К., Джумабеков Д., Турускулов Ж., Примов У., Осмонова А., Жамангулов А., Бекешев Д., Джураев С., Жунус уулу Алтынбек, Керезбеков К., Кулбараков А., Сулайманов А.) тарабынан демилгеленип, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын 11-январында кол коюлуп күчүнө кирген.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрилигинин маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугу киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 13-майындагы № 238-буйругу менен “аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - иш-чаралар планы) иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ  түзүлгөн жана эки жумалык мөөнөттө иш-чаралар планын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырмасы берилген.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинде (мындан ары – Агенттик) "Аэрофлот", "Түштүк-кытай авиалиниясы", "Түрк авиалиниясы" жана "Урал авиалинияларынын" чет элдик авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен "аба эркиндигинин бешинчи даражасы” Кыргыз Республикасында бир тараптуу тартипте укук берилгендиги жөнүндө жолугушуулар өткөрүлгөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан аркылуу чет өлкөлүк авиакомпаниялар тарабынан үчүнчү өлкөлөргө рейстерди аткаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугун пайдалануу менен Бишкек-Пекин-Сеул, Бишкек-Урумчи-Сеул, Екатеринбург-Ош-Стамбул шаарларга жана башка  шаарларына каттамдарды аткаруу маселелери талкууланган.

Агенттик тарабынан авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып “Манас эл аралык аэропорту” ААКынын башкармалыгынын төрагасы тарабынан бекитилген "Аба эркиндигинин бешинчи даражасын" колдонууда Кыргыз Республикасы аркылуу ичинде/чейин/аркылуу жаңы каттамдарды ачуу боюнча, авиакомпаниялар үчүн "Манас эл аралык аэропорту” ААКысы атайын пакет-сунуштары иштелип чыккандыгы тууралуу маалымдалган. Бул атайын сунуш менен "Аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдалануу менен авиарейс ачкан авиакомпанияга бир жылдык мөөнөткө аэропорттук жана аэронавигациялык жыйымдар 30% га чейин арзандатылат.

2019-жылын 19-августундагы № 7.5-10000 каты менен “Урал авиалиниясы” Россиялык авиакомпаниясы Ош-Стамбул участогуна “аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугун пайдалануу менен Екатеринбург-Ош-Стамбул аба каттамын аткарууга кызыкдардыгын билдирген.

2019-жылдын 26-сентябрындагы № №7.1.2-750 каты менен “Урал авиалиниясы” авиакомпаниясы Екатеринбург-Бишкек-Прага каттамдар боюнча учууларга карата көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

2019-жылдын 3-кварталында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасына ылайык, Кыргызстандын чет элдик мекемелери 41 мамлекетте транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, Кыргызстанда “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугу киргизилгендигин маалымдашууда.

Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош багыты боюнча "Авиа трафик Компани" авиакомпаниясы жумасына 6 жолу, "Тез Джет" авиакомпаниясы күнүнө 3 жолу учууларды аткарууда, ал эми "Эйр Манас" авиакомпаниясы күнүнө 3 жолу байма-бай учуулардын 26 ноябрга чейин токтотуп коюп аба кемесин атайын техникалык кароодон өткөрүүдө. Аба ташууларга карата тарифтер авиаташуучулардын бардык кеткен эксплуатациялык чыгымдарына жараша түзүлөт. Авиабилеттердин өздүк наркы бир жыл ичинде ташылган жүргүнчүлөрдүн санына бөлүү жолу менен түзүлөт, мында бир жылда өзүнчө алынган рейс гана эмес, толук эсепке алынат.

Бишкек-Ош, Ош-Бишкек маршруттары боюнча авиакомпаниялардын тарифтери ташуулардын сезондуулугу жана сатуулардын тереңдиги (башкача айтканда, учканга чейин билет канчалык эрте сатылып алынса, ошончолук тариф ылдый, андыктан анын баасы төмөн) менен аныкталуучу суроо-талап жана сунушка жараша 1750 сомдон 4000 сомго чейин өзгөрүлүп турат.

 

Каттам

Авиакомпания

Билет баасы (сом менен)

Бишкек-Ош-Бишкек

Авиа Траффик Компани

2750дөн 3550 чейин

Тез Жет

2450дөн 3850 чейин

Эйр Манас

1750 дөн 4000 чейин

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Комитетинин “Республика ичинде каттамдар боюнча авиарейстерди ишке ашыруудагы билеттердин тарифтери жөнүндө” 2017-жылдын 21-декабрындагы чечимин аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 18-95 протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн Агенттиктин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 658/п буйругу менен Агенттик сый акыны эске алуу менен ички республикалык жүргүнчүлөрдү жүзөгө ашыруучулар үчүн сунушталган тарифтердин деңгээлинин эң жогорку  (максималдуу) чеги 4000 сомго чейин аныкталган.

«Манас» эр аралык аэропорту» ААКнун (мындан ары - “МЭА” ААК) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри К.А. Бороновдун 13-июлундагы № 18-23942 тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2019-жылдын 6-июнундагы № 178-буйругу менен бекитилген  “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” саясатын жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралар планына ылайык, “МЭА” ААК өз компетенциясынын чегинде үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүүдө.

Аталган иш планга ылайык, “МЭА” ААК атайын “Сунуштар топтому” (“Пакетное предложение”) программасын иштеп чыккан. Бул авиакомпаниялар үчүн өтө ийкемдүү жана ыңгайлуу система болуп саналат. Ошондой эле, аталган программа жаңы каттамдарды ачуу, учуулардын географиясын кеңейтүү жана “МЭА” ААКнын аэропортторунун атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

   Программа авиакомпаниялар үчүн пайдалуу кызматтар комплексин сунуштайт:

- стандарттык кызматтар тизмеги боюнча аба кемелерди жерде тейлөө;

- Аба-жүк ташуу борборунун кызматтары;

- аба кемелерди күйүүчү май менен камсыздоо;

- борттук тамак-аш жеткирүү;

- маалымат-жарнамалык кызматтар.

“Сунуштар топтому” “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунда жаңы үзгүлтүксүз/чартердик каттамдарды ачкан жаңы авиакомпаниялар жана учурда иштеп жаткан авиакомпания-өнөктөштөр үчүн иштейт.

Кыргыз Республикасында “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” саясатын жүзөгө ашыруу чегинде 2019-жылдын 26-августунда “МЭА” ААК тараптан иштелип чыккан “Сунуштар топтому” 2019-жылдын 1-сентябрында ишке киргизилди.

Пландын III бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасы аркылуу каттамдардын аткарылышы үчүн чет элдик авиакомпаниялар менен кызматташуу максатында “МЭА” ААК Кыргыз Республикасында “Аба эркиндигинин бешинчи даражасы” саясатын жүргүзүү жана кызматташуу үчүн ыңгайлуу, сапаттуу шарттарды түзүп берүүгө даяр экендигин билдирип, төмөндөгү авиакомпанияларга расмий түрдө кайрылып кат жөнөткөн:

1)         «Asiana Airlines» жана «Korean Air» корея улуттук авиакомпанияларына Сеул шаарынан (Корея Республикасы) Бишкек шаарына транзиттик же түз учуучу каттамдарды ачуу боюнча;

2)         «Air Astana» жана «Qazaq Air» казак авиакомпанияларына Нур-Султан шаарынан “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна жайкы туристтик маалда жаңы каттамдарды ачуу боюнча;

3)         «Air Astana» авиакомпаниясына Казахстандын шаарларынан Бишкек шаары аркылуу Улан-Баторго учуучу жаңы каттамдарды ачуу боюнча;

4)         «Авиакомпания Сибирь» (S7) АК авиакомпаниясына Москва жана Екатеринбург шаарларынан “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторуна жайкы туристтик маалда жүргүнчүлөрдүн суроо-талапты канааттандыруу максатында жаңы каттамдарды ачуу боюнча;

5)         «Азербайжан аба жолдору» авиакомпаниясына Бишкек шаары аркылуу жаңы транзиттик каттамдарды ачуу же «Баку-Бишкек-Баку» багыты боюнча каттамдарды кайрадан жандандыруу боюнча;

6)         «Turkish Airlines» түрк авиакомпаниясына “Ош” эл аралык аэропортуна «Стамбул-Ош-Стамбул» багыты боюнча  каттамдарды кайрадан жандандыруу боюнча;

7)         «ONUR AIR» түрк авиакомпаниясына Стамбул шаарынан Ош шаарына жаңы каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча;

8)         «Түркмөн аба жолдору» авиакомпаниясы  «Ашхабад-Бишкек-Ашхабад» жүк ташуучу каттамдарды кайрадан жандандыруу жана жаңы жүргүнчүлөр каттамын ачуу боюнча; 

9)         Кувейт мамлекетинен “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторуна жаңы каттамдарды ачуу боюнча расмий кат жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында,  «Jazeera Airlines»   авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, «Кувейт-Ош-Кувейт»  багыты боюнча жаңы каттам ачууга даяр экендигин билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрынан тартып, «Jazeera Airlines» авиакомпаниясы «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштады;

10)       “Урал аба жолдору” авиакомпаниясына Бишкек шаары аркылуу Европа шаарларына жаңы транзиттик каттамдарды ачуу боюнча расмий түрдө кат жөнөтүлгөн. Кат алышуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен авиакомпания  Москва же Екатеринбург шаарларынан Прага шаарына (Чехия) “Манас” эл аралык аэропорту (Бишкек ш.) аркылуу жаңы транзиттик каттамдарды ачууга даяр экендигин билдирди. Учурда, “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы Чех Республикасынын авиация жаатындагы бийликтин макулдугун күтүүдө;

11)       “Урал аба жолдору” авиакомпаниясына Россия Федерациясынын шаарларынан Ош шаары аркылуу Стамбул шаарына жаңы транзиттик каттамдарды ачуу боюнча расмий түрдө кат жөнөтүлгөн. Кат алышуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен авиакомпания транзиттик учууларды аткарууга кызыкдар экендигин билдирди. Учурда, “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы түрк авиация жаатындагы бийликтин макулдугун күтүүдө;

12)       «Алроса» авиакомпаниясына Иркутск шаарынан Бишкек, Ош шаарларына  жана жайкы туристтик маалда Ысык-Көлгө жаңы каттамдарды ачуу боюнча;

13) “Өзбек аба жолдору” улуттук авиакомпаниясына           «Ташкент-Бишкек-Дели» же «Ташкент-Бишкек-Сеул» багыты боюнча жаңы транзиттик каттамдарды ачуу тууралуу;

14)       «Wizz Air» Венгрия авиакомпаниясына Бишкек шаарынан Европанын шаарларына түз учууларды аткаруу боюнча;

15)       Индонезиянын «Lion Air» жеке ири авиакомпаниясына «Джакарта-Бишкек-Джакарта» багыты боюнча түз учуучу каттамдарды ачуу боюнча;

16)       «Iran Air» иран авиакомпаниясына жаңы жүк ташуу каттамдарын ачуу боюнча;

17)       «Varesh Airlines» иран авиакомпаниясына «Мешхед-Бишкек-Душанбе-Бишкек» багыты боюнча учууларды  кайрадан жандандыруу боюнча расмий кат жөнөтүлүп, 2019-жылдын 5-ноябрында “Манас” эл аралык аэропортунда авиакомпаниянын жана Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Жолугушууда катышуучулар “Манас” эл аралык аэропортунун инфраструктурасы менен толук таанышып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйналышында депутат А.Касымалиева “Ачык Асман” боюнча мыйзамдын кабыл алгандан бери 9 ай өттүү, бирок бул багытта эч кандай жумуш жасала электигин билдирген. Бул маселе боюнча Премьер-министр өзү келип, Өкмөттүк саатта толук маалыматты берүүсүн айткан. Буну менен кошо ички каттамдардын билеттеринин баалары кымбат болуп жатканын кошумчалаган. Айткандарынын негизинде Комитетке протоколдук тапшырмасы берилген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2019-ж. 10-октябрындагы П№380-VI) протоколдук тапшырмасы боюнча Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (чыг.№ 6-6800и/19 29.10.2019-ж.) кат жолдонуп, расмий жооптор (кир.№6-24600/19 21.11.2019-ж. кир.№6-25049/19 27.11.2019-ж.) алынган.

Жыйындын жүрүшүндө толук маалыматтар берилип, Өкмөткө тийиштүү тапшырмалар айтылды жана Жогорку Кеңеште Өкмөттүк саатты өткөрүүнүн зарылдыгы жок экендиги депутаттар тарабынан белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А.Боронов Өкмөт тарабынан аткарулуучу бир топ жумуштар бар экендигин жана алар жыйнтыкталгандан кийин кошумча маалыматтар берилерин айтып өттү.

 

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкү чечимге келди:

  1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун, Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А. Ногойбаевдин баяндамалары эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- Аба кемелерин сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен ссудаларды бөлүп берүү жолу менен Өкмөт тарабынан авиакомпанияларды субсидиялоо;

- «Манас» эл аралык аэропорту» ААКны жана региондук аэропортторду өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык өнөктөштөрдү кызматташууга тартуу;

- Кыргыз авиакомпанияларын Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгаруу боюнча ИКАОнун стандарттарына жана сунуштамаларына шайкеш келтирүү максатында ченемдик актыларды иштеп чыгууну улантуу;

- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу мөөнөтүн так аныктоо;

- «Манас эл аралык аэропорту» ААКсы тарабынан «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» аэропортторду реконструкциялоо иштерин жүргүзүү;

- Учуулардын коопсуздугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына аэронавигациялык секини (башня) курууга “Ош” эл аралы аэропортунун аймагынан 0.1 га жер тилкесин бөлдүрүлүп берүү маселесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААК менен биргеликте чечүү;

- “Аба эркиндигинин бешинчи даражасынын” алкагында авиакомпаниялар, туристик агенттиктер менен жолугушуу жана консультацияларды өткөрүү;

- Авиакомпаниялар арасында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү алмашуу системасын ишке киргизүү;

- Агенттик сый акыны эске алуу менен ички республикалык авиакаттамдарынын билеттеринин баасынын эң жогорку (максималдуу) чеги 3000 сомго чейин аныктоо;

- Туризмди өнүктүрүү максатында «Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин ар-кандай өлчөмдөгү учактардын конуп учуусуна ылайыкташтыруу;

- Кышкы туризмди өнүктүрүү максатында Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда жайгашкан кышкы эс алуучу жайына (“Каракол” лыжа базасына) альтернативдүү 7 км 4 тилкелүү асфальтталган жолду куруу;

       3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү пункттарын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К. Касымалиевага жогорудагы Протоколдук тапшырманы Комитеттин көзөмөлүнөн алып салуу үчүн жөнөтүлсүн.

      4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрайымдын орун басары                                                           А. Эргешов

 

Көрүүлөрдүн саны : 128