Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 29-октябрындагы “2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасын (БА РКЖП-3) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

22-11-2019 09:44

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 29-октябрындагы

“2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасын (БА РКЖП-3) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 КОРУТУНДУСУ

          Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-апрелиндеги №541-токтому менен жактырылган, “2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасын (БА РКЖП-3) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

          “Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасы (БА РКЖП-3)” долбоорунун максаты Казахстан менен транспорттук байланышты жакшыртуу жана авиация бөлүгүндө жарандык авиация чөйрөсүндө атаандаштыкты жогорулатуу жана Ысык-Көл областында туризмди туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.

          БА РЖКЖП-3 долбоору “Түп-Каркыра” көзөмөл өткөрүү жайы унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки аралыгын, “Каркыра” капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу (15 чакырым) жолду реабилитациялоону, жол-эксплуатациялык жабдууларды сатып алууну, учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатында Жарандык авиация агенттигинин дараметин жогорулатууну жана И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун дараметин чыңдоону камтыйт. Ошондой эле беш туристтик сервис-борборлорун куруу боюнча жана Ысык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.

Каржылоо шарттары:

Долбоордун суммасы – 55,0 млн. АКШ доллары;

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы – 27,5 млн. АКШ доллары (50%);

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты – 27,5 млн. АКШ доллары (50%);

Насыянын мөөнөтү – 38 жыл;

Жеңилдетилген мөөнөт – 6 жыл;

Пайыздык өлчөмү – 0,75% жылына.

Эсептөөлөргө ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясынын грант элементи 53,5 % түзөт, көрсөтүлгөн насыя жеңилдетилген насыя болуп саналат.

Каржылоо жөнүндө көрсөтүлгөн Макулдашуу 2018-жылдын 20-ноябрында Комитет тарабынан жактырылган.

КР Мыйзамынын ушул долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт.

Баяндалганды эске алып, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

     1. “2019-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасын (БА РКЖП-3) каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

          2. Ушул корутунду Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетке жиберилсин.

 

 

           Төрайым                                                                                              М.Э. Мавлянова

 

Көрүүлөрдүн саны : 102