Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019-жылдын 19-ноябрындагы “2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган, Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

20-11-2019 12:10

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019-жылдын 19-ноябрындагы

“2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган, Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна  Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

КОРУТУНДУСУ

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы №542 токтому менен жактырылган “2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган, Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна  Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.

“2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган, кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга жана кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Конвенцияга авиациялык жабдуу жөнүндө Протоколго  Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамынын долбоору “2016-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө” 2016-жылдын 17-мартындагы № 131 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна аткарууга, андан тышкары 2017-жылдын 18-августундагы № 354-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген Авиаташуулар рыногун либералдаштыруу жолу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын кадамдык планынын 11-пунктун аткарууга, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин Катчысы тарабынан жактырылган жарандык авиация системасында коррупцияны ажыратуу боюнча деталдаштырылган иш-чаралар планында 2001-жылдын 16-ноябрындагы кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө Кейптаун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу каралган.

Конвенция жана Протокол эл аралык авиациялык укук чөйрөсүндө олуттуу жетишүүнү чагылдырат. Эл аралык кепилдиктерди түзүү жана аны эл аралык каттоо жүргүзүүдө каттоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү аба кемелерин, авиациялык кыймылдаткычтарды жана тик учактарды лизингке берүүчүлөр жана кредиторлор үчүн уникалдуу коргонуу каражаттары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конвенциянын жана Протоколдун катышуучуларынын санына кириши ата-мекендик авиакомпаниялардын эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен аба кемелерин жеңилдетилген шарттарда сатып алууга мүмкүндүк берет.

Жогорудагы баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөндөгүдөй корутундуга келет:

1. “2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган, Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Бул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.

 

Төрайым                                                                        М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 106