Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин «Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду» автомобиль жолун реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү жана «Балыкчы-Каракол-Балыкчы» автожолдорун (Ысык-Көл айланма жолун) реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу планы тууралуу өткөрүлгөн көчмө жыйынынын ЧЕЧИМИ

20-11-2019 11:20

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

«Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду» автомобиль жолун реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү

жана «Балыкчы-Каракол-Балыкчы» автожолдорун (Ысык-Көл айланма жолун)

реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу планы тууралуу өткөрүлгөн көчмө жыйынынын

ЧЕЧИМИ

Балыкчы шаары,

2019-жылдын 17-сентябры

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) көчмө жыйында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Б.Ч.Бердалиевдин жана Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин диретору Ш.М.Иманкуловдун «Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду» автомобиль жолун реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү жана «104-184,5 км Балыкчы-Каракол-Балыкчы» автожолдорун (Ысык-Көл айланма жолун) реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу планы тууралуу маселелери боюнча маалыматын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Комитет мүчөлөрү Балыкчы-Корумду жолунун курулушу, төшөлгөн асфальттардын сапаты ошондой эле курулушу аягына чыкпаган социалдык объектилер менен таанышып чыгышты.

Биринчи кезекте эл өкүлдөрү программага ылайык, Балыкчы шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Аманбаев көчөсүндөгү аткарылган иштерден кабар алды. Белгилүү болгондой бул көчөнү оңдоо иштери былтыр башталып, бирок иш начар жүрүп жатканы тууралуу жергиликтүү тургандар бир нече жолу маалымдашкан. Жолугушуу учурунда акча толук берилгени, 20 күн аралыгында жолдун биринчи катмары аягына чыгаары курулушчулар тарабынан айтылды.

Андан соң эл өкүлдөрү Балыкчы шаарындагы 500 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты.

  1. “Балыкчы-Каракол-Балыкчы» автомобиль жолунун, Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду участогун калыбына келтирүү, 0-104 км. долбоору боюнча

«Балыкчы-Ананьево-Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы» автомобиль жолдорунун, (Ысык-Көл айланмасынын) жалпы узундугу 440 км. түзөт. Бул жол ΙΙΙ техникалык категорияга кирет. Калыбына келтирүүнүн жалпы болжолдуу наркы 550 млн. АКШ долларын түзөт. 0дөн 104 км болгон Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду участогунун өтмөк бөлүгү кыймылдын 4 тилкеси (бир тарапка 2 тилке боюнча) менен 15,5 метрге чейин кеңейтилип, ΙΙ техникалык категория боюнча реконструкцияланат, тилкенин кеңдиги бөлүп турган тилкесиз 3.75-3.5 м. боюнча, кысык участоктордо 3.0 метр боюнча болот.

Андан тышкары, Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунун 0-23 км участогуна асфальтобетон жабуу пландалууда.

Жол чарба департаменти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги жыйынында депутат Жунус уулу Алтынбек тарабынан Балыкчы шаарындагы жолдун курулушу токтоп тургандыгына байланыштуу көтөргөн маселе боюнча берилген №325-VI сандуу протоколдук тапшырмасына ылайык төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Балыкчы шаарын айланып өтүүчү Ж. Аманбаев көчөсү 2018-жылдын август айында Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун реконструкциялоо долбоорунун негизинде эски асфальтобетон катмарын сыйруу жумуштары башталган.

Ал эми белгиленген участокто долбоор боюнча 17 даана суу өтүүчү түтүкчөлөрдү, 40 даана кожух (капсула) орнотуу, аталган жолдун 2+988 км аралыгында жердин алдынан өтүүчү өтмөктү капиталдык ремонттоо жана аталган участоктун 4 жеринен темир жол өтмөгүн кеӊейтүү иштерин аткаруу зарыл экендигин маалымдайбыз.

Бүгүнкү күндө Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун 0-7 километринде (Балыкчы шаарынын ичи) жасалма курулмалар (искусственные сооружения) иштери аяктоодо.

Бул жасалма курулмалар толук бүткөндөн кийин асфальтобетон катмарын төшөө жумуштары тез жүрөрүн жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүргөнгө пландаштырылып жатканын белгилейт.

  1. Пландалган «104-184,5 км Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолдорун (Ысык-Көл айланма жолун) реконструкциялоо долбоору» (Корумду а. – Балбай Баатыр а. боюнча )

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (мындан ары ТжЖМ) тарабынан Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо үчүн эл аралын финансы институттарын тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Бишкектеги 2014-жылдын 31-октябрындагы 2-«Тегерек столдун» натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб Координациялык Топтун ортосунда 2-«Тегерек столдун» жыйналышынын протоколуна кол коюлду, анда Араб Координациялык Топтун делегациялары «Балыкчы-Каракол-Балыкчы автомобиль жолдорун (Ысык-Көл айланма автожолун) куруу» долбоорун каржылоого даяр экенин билдиришти.

Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 11-июлунда АКТнын катышуусунда Сауд өнүктүрүү фондунун (СӨФ), Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун(КАЭӨФ), Абу-Даби Өнүктүрүү фондунун (АДӨФ), Эл аралык Өнүктүрүү фондунун (ОПЕК) жана Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) курамында өткөрүлгөн «Тегерек столдун» 3-жыйналышынын жыйынтыгы боюнча «104220 км Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолдорун, 2Н участогун, км 104-220 реконструкциялоо» долбоорун АКТ тараптан каржылоо жөнүндө келишимге жетишилген болчу.

Жогоруда айтылгандын негизинде КР ТжЖМ «Кыргызжолтрансдолбоор» ДИИ ДТдан (мындан ары - «КЖТД» ДИИ ДТ) мындан ары каржылоо планына кошуу үчүн автожолдун бул участогун реконструкциясынын сметалык наркы жөнүндө маалыматты сурады, ал АКТ фондуна багытталган долбборду каржылоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин (ЭФ) расмий суроо-талабына киргизилген.

Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 2-июлунан 9-июлуна дейре ИӨБнын Баалоо миссиясы келген учурда өтмө бөлүктү 4 тилкеге чейин кеңейтүү зарылдыгы жөнүндө белгиленген болчу. Бул миссиянын алкагында ИӨБ жаңыланган ТЭНди жана иш долбоордун акыркы маалыматтарын берүүнү тездетүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Араб координациялык топтун фондусу тарабынан 4.10.2018-жылы кредиттерди жактыруу үчүн бул долбоордун жаңыланган ТЭНдиси жөнөтүлгөн.

Бул долбоордун жаңыланган ТЭНдисине ылайык долбоордук участоктун узундугу 104 км 184,5 кмга чейин 80,5 кмны түзөт.

Кийинки жолугушуулардын жүрүшүндө «Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун, 2Н участогун, 104-184,5 кмны реконструкциялоо» пландалган долбоор боюнча маселе талкууланган жана КФАЭР тараптан аталган пландалган долбоор үчүн 28,9 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кредитти жактырууну тездетүүгө көмөк көрсөтүүгө карата маселе көтөрүлдү.

        Автомобиль жолдорун оңдоп-түзөөдөгү сапаттын төмөндүгүнө карата шайлоочулардан түшкөн бир нече нааразычылыктарга жана доолорго байланыштуу, реконструкцияланган жана жалпы колдонулуучу жаңы жолдордун стандарттарынын ченемдерин жана талаптарын сактоо боюнча  жүргүзүлүп жаткан иштердин жетишсиздигин белгилөө менен, ошондой эле аларды ишке киргизүүгө берүү мөөнөтү үзгүлтүккө учурап тургандыктан депутаттар бул кемчиликтерди жоюу зарылдыгын бир нече жолу баса көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти аркылуу Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду (0-104 чакырым) авто жолун калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруу жумуштары «Лонг-Хай» компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бирок, депутаттардын сын-пикиринде, долбоорго ылайык түзүлгөн келишимде, тийиштүү ирригациялык тутумдарга жана жарыктандыруу иштерине акча каражаттары каралбай калгандыгын жана ар бир айылдын жол жээгиндеги тротуарларын куруу, авто жолдун четин (обочина) калыбына келтирүү иштери аткарылбай жатканы айтылды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Б.Ч.Бердалиевдин жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин диретору Ш.М.Иманкуловдун маалыматын угуп жана берилген материалдар менен таанышып, Комитет төмөндөгүдөй ч е ч и м кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Б.Ч.Бердалиевдин жана Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин диретору Ш.М.Иманкуловдун «Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду» автомобиль жолун реконструкциялоо жана куруу иштеринин жүрүшү жана «Балыкчы-Каракол-Балыкчы» автожолдорун (Ысык-Көл айланма жолун) реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу планы тууралуу маалыматтары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө акча каражаттарын издеп табуу сунушталсын:

- Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду (0-104 чакырым) авто жолунун жол четин (обочина) калыбына келтирүүгө, ар бир айылдын жол жээгиндеги тротуарларын, тийиштүү ирригациялык системасын куруу жана жарыктандыруу иштерин бүтүрүүгө;

- Балыкчы шаарындагы Ж.Аманбаев көчөсүн жашылдандырууга шарттарды түзүү (жолдун четине үйүлгөн топурак, таштарды түздөп, мурунку калыбына келтирүү), электр жыгач мамыларын темир-бетон мамыларына алмаштырууга;

- Ж. Аманбаев көчөсүндө жайгашкан (жолдун алдында) 2900 метр суу жана 300 метр саркынды суу түтүкчөлөрүн жылдырууга;

- Балыкчы шаарындагы 500 орундуу №3 Ш. Абдылдаев атындагы мектептин жана спорт залынын курулушун бүтүрүү үчүн.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жана жол министрлиги төмөндөгүлөр боюнча:

- бөлүнүп жаткан бюджеттик каражаттарды рационалдуу, максаттуу жана эффективдүү колдонуу;

- Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду (0-104 чакырым) авто жолунун өз убагында сапаттуу реконструкциялоо жана жол курулмаларын оңдоо үчүн алынган жоопкерчиликти өз убагында аткаруу;

- Каракол-Балыкчы» автожолдорун (Ысык-Көл айланма жолун) реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн эл аралын финансы институттарын тартуу боюнча кескин түрдө тийиштүү иш-чараларды аткарсын.

3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жиберилсин.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                      М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 211