“Расмий статистика жөнүндө” жана “Расмий статистика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин КОРУТУНДУСУ

07-12-2018 14:53

                                                                                             

 

 

 

 

 

“Расмий статистика жөнүндө” жана “Расмий статистика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Г.Мадеминов жана Б.С. Турусбеков тарабынан демилгеленген “Расмий статистика жөнүндө” жана “Расмий статистика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорун карап чыгып, бул мыйзам долбоор улуттук статистикалык тутумдун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы иштеп чыгуу, расмий статистикага коомчулуктун ишенимин бекемдөө, аны расмий статистика жаатындагы БУУнун фунддаменталдуу принциптерине толук ылайык келтирүү жолу менен статистика жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын эске алуу менен, төмөндөгүдөй корутундуга келет:

1. “Расмий статистика жөнүндө” жана “Расмий статистика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоору жактырылсын.

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

Төрайым                                                                     М.Э.Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 310