“Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин корутундусу 2018-жыл 19-июнь

27-06-2018 12:50

“Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин корутундусу

 

2018-жыл 19-июнь

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган (Өкмөттүн 2018-жылдын 22-майындагы № 246 токтому) “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору эл аралык аба ташууларды аткарууда чет өлкөлүк авиакомпанияларга “аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугун берүү жолу менен авиажүк ташуулардын рыногун либералдаштырууга багытталган. Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу жогорулайт, акырындык менен жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйөт, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикасынына, туристтик тармакты өнүктүрүүгө оң таасир көрсөтөт.

Мыйзам долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасында эл аралык жарандык жана авиажүк ташуулар чөйрөсүндө “аба эркиндигинин бешинчи даражасы” укугун бир беткей тартипте киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт; башкача айтканда, кызыкдар чет өлкөлүк авиакомпанияларга Кыргыз Республикасынын аймагынан бортуна жүргүнчүлөрдү, почтаны жана жүктөрдү кабыл алуу жана түшүрүү укугу менен учууларды жүзөгө ашыруусуна жана андан ары үчүнчү мамлекетке/тен учууларына мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасына/Кыргыз Республикасы аркылуу учууларга жаңы чет өлкөлүк авиакомпанияларды тартууну жана авиа ташуучулардын ортосунда ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүүнү карайт, бул өз кезегинде авиа ташуучулардын санын көбөйтүүгө, учуулардын географиясын кеңейтүүгө, жүргүнчүлөрдүн агымынынын өсүшүнө, авиакомпаниялардын ортосундагы атаандаштыктын эсебинен калк үчүн авиабилеттердин наркында баа түзүүнүн теңделмеленгендигине, авиабилеттердин наркын азайтууга жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга тренд менен альтернативдүү авиа ташуучулардын жана каттамдардын келип чыгышына алып келет.

Калктын канааттандырылбаган суроо-талабы, өсүп жаткан экономика, эмгек акысына карата төмөн сарптоолор, ири рыноктордун – Азия жана Европанын ортосундагы пайдалуу географиялык жайгашуу аны либералдаштыруу аркылуу жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн күчтүү тараптардан болуп саналат. Ошентсе да ички рыноктун анча чоң эмес өлчөмү, туризмди өнүктүрүү, авиациялык рыноктун катышуучуларынын эл аралык стандарттарга ылайык келбөөсү, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү, аэропорттордун жана аэронавигациялардын эскирген инфратүзүмү, адам ресурстарын талаптагыдай даярдоонун жоктугу жана акыры ата мекендик авиакомпаниялардын узакка Европа бирлигинин “кара тизмесинде” болушу начар тараптардан болуп саналат.

Ошону менен бирге Комитет тиешелүү даярдык мезгилисиз “ачык асман” принцибин дароо аны классикалык түшүнүүдө “ачык асман” принцибинде жана Кыргыз Республикасынын авиациялык бийлигинин атынан мамлекеттик орган тарабынан кандайдыр бир жөнгө салуусуз/көзөмөлдөөсүз киргизүү төмөнкү түрдө 1) ата мекендик авиакомпанияларды сүрүп чыгаруу, ал жарандык авиациянын тармагынын кыйроо жана 2) чет өлкөлүк авиакомпаниялардын учууларынын жана авиациялык коопсуздугу боюнча Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) эл аралык стандарттарын аткаруунун көз карашынан алганда Кыргыз Республикасынын рыногуна ак ниет эместердин кирүүсү түрүндө олуттуу тобокелдиктерге ээ экендигин белгилейт.

Чоң техникалык мүмкүнчүлүктөргө, аба кемелеринин кыйла заманбап паркына ээ чет өлкөлүк авиакомпаниялар жергиликтүү авиакомпанияларды сүрүп чыгарышы мүмкүн, бул өз кезегинде алардын банкроттугуна жана андан ары алардын ишинин токтотулушуна алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.М. Жумалиев бул себеп боюнча чоочулоосун, бул ата мекендик авиакампанияларга коркунуч келтирээрин айтты.

Депутаттар У.З. Ормонов, Жунус уулу Алтынбек алардын алдына коюлган маселелер боюнча баяндамачылардын жоопторуна нааразычылыктарын билдиришти. У.З. Ормонов мурда жарандык авиация агенттигине бир нече жолу кайрылганын, бирок жазуу жүзүндө курулай жооп гана алганын өзгөчө белгиледи. “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору депутаттардын тобу тарабынан даярдалганына байланыштуу алар ушул долбоорду жеткире иштеп чыгууну жана депутаттардын долбоору менен бир убакта кароону сунуш кылышты.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбек ушул маселеге байланыштуу алар иш жүзүндө даяр болбогондуктан аэропортторду өнүктүрүү маселелерин чечүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ш. Баймуратов мурда Стамбулга жана Үрүмчүгө учуулар болуп турса да Ош аэропортунан эл аралык авиаучуулар дээрлик болбой жатканын, авиация агенттиги авиациянын келечеги боюнча дээрлик алектенбей жатканын белгиледи жана У.З. Ормоновдун жана Жунус уулу Алтынбектин сунуштарын колдоду.

Баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору депутаттардын тобу тарабынан иштелип чыккандыгын эске алуу менен Өкмөттүн 2018-жылдын 22-майындагы № 246 токтому менен сунуш кылынган долбоорду кароо кийинкиге калтырылсын, ал депутаттардын долбоору менен бириктирилсин жана Комитеттин кароосуна киргизилсин.

 

 

Төрайым                                                                              М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 524