КҮН ТАРТИБИ 2016-жыл, 14-июнь

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынын

 

КҮН ТАРТИБИ

 

                            Өткөрүү убактысы: 2016-жыл, 14-июнь, саат 10:00

Өткөрүлө турган жер: Батыш залы (1-кабат)

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан республиканын калктуу пункттарын жалпысынан шаар куруу документтери жана иштелип чыккан (жаңы) ченемдик-техникалык иш кагаздары (өзгөчө Бишкек, Ош шаарларын жана Ысык-Көл курорттук зонасын) менен камсыздоо тууралуу

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Баяндамачы: Мамбетов Турдубек Мамбетович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору

 

 

2. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы иштин абалы тууралуу

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Баяндамачы: Айдаров Замирбек Казакбаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

 

 

3. «Эль-Кувейт шаарында 2015-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кувейт Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу (2016-жылдын 12-майындагы №244 КРнын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган)

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Баяндамачы: Айдаров Замирбек Казакбаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жалпы пайдалануудагы жолдордун сакталышын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Баяндамачы: Айдаров Замирбек Казакбаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

        

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмалары тууралуу

 

(Протоколдук тапшырмалар: 2016-жылдын 31-мартындагы П № 47-VI, 2016-жылдын 28-апрелиндеги П № 55-VI от 28 апреля 2016 года, 2016-жылдын 28-апрелиндеги П №56-VI от 28 апреля 2016 года, 2016-жылдын 25-майындагы П №65-VI от 25 мая 2016 года)

 

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Баяндамачы: Айдаров Замирбек Казакбаевич – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри

 

        

6. Ар кандай маселелер

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 М.А. Аманкулов