Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 19-декарындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун экинчи окууга КОРУТУНДУСУ

21-12-2017 10:30

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 19-декарындагы

 

 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун экинчи окууга

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.А. Арапбаев, Н.К. Алимбеков, А.А. Шадиев, А.У. Жапаров, А.М. Нурбаев, Б.У. Сыдыков, Т.У. Шайназаров, А.Н. Шыкмаматов, И.А. Пирматов, Т.К. Конушбаев, К.С. Нурматов, С.А. Айдаров, Р.А. Казакбаев, И.И. Матраимов, Т.А. Масабиров, С.М. Жураев, М.Э. Мавлянова жана Ж.А. Калмаматов демилгелеген (№6-11258/17, 22.05.2017-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 2017-жылдын 23-ноябрында биринчи окууда кабыл алган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Мыйзам долбоору шаар куруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны иретке келтирүү жана эксперттик жумуштарды талапка ылайык аткарбагандык үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароого карата Комитеттин бир катар сын-пикирлери жана сунуштары бар.

Ар жыл сайын долбоорлоо ишинде жана курулушта жаӊы мамиле жасоолор, долбоорлоонун жана долбоорлорду ишке ашыруунун жаӊы технологиялары жана усулдары пайда болуп турат, мындай технологиялардын өздөштүрүлүшү менен курулуш объектинин ажыралгыс көрсөткүчтөрү да жакшырат. Ушуга байланыштуу, айрыкча бир учурларда, ченемдик техникалык базаны өнүктүрүү жана сапаттык жактан бекемдөө, жаӊы усулдарды ишке киргизүү максатында, кабыл алынган ченемдерден негиздүү четтөөгө жол берилет.

Ошондуктан, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктун алып салуу зарыл жана «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарынын мазмунун калтыруу керек.

Андан ары мыйзам долбоорунда курулуш чөйрөсүндө инвестициялык климатты жакшыртуу, объекттерди долбоорлоонун жана куруунун мөөнөттөрүн кыскартуу максатында, шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууда этап боюнча долбоорлоого жана курууга жол бериле тургандыгы жөнүндө түзөтүүлөрдү киргизүү каралган.

Ушундай эле толуктоолорду аталган Мыйзамдын 41-статьясына киргизүү каралган, аларга ылайык, шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин этап боюнча долбоорлоодо жана курууда пайдаланууга берүү капиталдык курулуштун ар бир объекти боюнча өзүнчө ишке ашырылат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-статьясына сунуштап жаткан толуктоодо «Шаар куруу комплекстерин, имараттардын жана курулмалардын комплекстерин курууда этап боюнча долбоорлоого жана курууга жол берилет» деген норма караган.

«Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенден кийин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 1994-жылдын 11-январындагы № 1373-XII токтому менен колдонууга киргизилген) курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул убакка чейин «Шаар куруу комплекси жөнүндө» Жобону иштеп чыга да, беките да элек.

Мындай учурда, объекттерди этап боюнча долбоорлоо жана курууну киргизүү курулуш бүтүп жаткан стадияда архитектуралык-курулуштук көзөмөлдү толук көлөмдө жүзөгө ашыруу мүмкүндүгүнөн ажыратат.

Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацын: «- бешинчи абзацтагы “курууга уруксат берилген” деген сөздөр алынып салынсын;» деген өзгөртүүнү кабыл алганда, бул норма бардык курулушчуларга калктуу конуштарда жеке турак үйлөрдүн курулушун архитектуралык-курулуштук иш чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылбастан эле баштай берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда курулушка уруксат берүүгө байланышкан  жобону күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.

Ушуга байланыштуу башка ченемдик укуктук актыларга да өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат. Курулушка уруксат берүүгө байланышкан жоболор Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарында бар: «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» (2-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пункту), «Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө» (9, 11, 21-беренелер),  «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» Техникалык регламентинде» (21-берененин 2-бөлүгү), «Борбор шаардын статусу жөнүндө» (20-берененин
6, 11-пункттары),  «Ош шаарынын статусу жөнүндө» (20-берененин 6, 11-пункттары).

Демек, мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан ченемдердин көпчүлүгү жогоруда аталган мыйзам актыларына каршы келип калат. Ошондуктан аталып кеткен мыйзам актыларына да тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Ошондой эле Комитет «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун талаптарын сактоо жана сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашыруу максатында башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, мыйзам долбооруна башка мыйзам долбоорлорунун пакетин тиркөө зарыл экенин белгилейт.

Мындан тышкары, курулушка уруксат берүүгө байланышкан жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №369 токтому менен демилгеленген «Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү  айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 6-беренесинин 2-пунктунда каралган. Бул мыйзам долбоору азыркы убакта Жогорку Кеӊеште каралып жатат.

Ошону менен бирге, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун курулушка уруксат берүүгө байланышкан биринчи жана экинчи абзацтарын кабыл алууда, башка укук ченемдик актыларына дагы ѳзгѳртүүлѳрдѳ киргизүү зарылчылыгын алып келерин белгилейбиз.

Ошондой эле, долбоордук жана/же долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу адамдар (долбоорлордун эксперттери) үчүн жазыктык жоопкерчилик бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жок экендигине байланыштуу, мыйзам долбоорунда мындай жазыктык жоопкерчиликти киргизүү сунушталып жатат.

Кандай курулуш долбоору курула тургандыгы, кандай долбоорду жеткире иштеп чыгуу керектиги көп жагынан эксперттин кесипкөйлүгүнө жараша болот деген пикир бул сунушка негиз болгон. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин пикиринде, эгерде экспертизанын оӊ корутундусу курулушту баштоого негиз болуп кызмат кылса, эксперттердин жоопкерчилиги жогорулайт.

Кылмыш-жаза кодексине киргизүүгө сунушталып жаткан 2362-статьяда төмөнкүдөй нормалар каралган:

Эксперттик иштерди талаптагыдай эмес  аткаргандыгы

эгерде бул байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -

белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир  ишти жүргүзүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун, эгерде бул эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келсе,-

белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир  ишти жүргүзүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен, үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.  

Бирок, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
101-статьясында каралгандай, байкабастыктан өлүмгө дуушар кылганда,-

бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбоонун кесепетинен өлүмгө дуушар кылганда, ошого тете байкабастыктан эки же андан ашык кишини өлүмгө дуушар кылганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, коррупциялык факторлордун деӊгээлин төмөндөтүү максатында, мыйзам долбоорунда Кылмыш-жаза кодексине толуктоо катары киргизилип жаткан 2362-статьяда аз мөөнөттөрдү көрсөтүү, ошондой эле анын жазанын жогорку жана төмөнкү мөөнөттөрүнүн айырмасын минималдаштыруу максатка ылайыктуу болот.

Ченем жаратуу техникасын сактоо максатында мыйзам долбоорунун
2-беренесинде «толуктоолор» деген сөздү «өзгөртүү» деген сөзгө алмаштыруу, ошондой эле мыйзам долбоорунун беренелерин «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келтирүү зарыл. Аларга ылайык,  берененин пункттары пунктчаларга бөлүнөт, пунктчалар алфавиттин кичине тамгасы менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет, ошондой эле, берененин бөлүктөрү чекиттүү араб цифралары менен белгиленет.

Ушуга байланыштуу, Комитет мыйзам долбоорунун 2-беренесин төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылат:

«2-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 24-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 2362-статьяны киргизүү менен өзгөртүлсүн:

«2362-статья. Эксперттик иштерди талаптагыдай эмес аткаргандык

1. Эксперттик иштерди талаптагыдай эмес аткаргандык байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -

белгилүү бир кызмат орундарды ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келсе, -

белгилүү бир кызмат орундарды ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».

Андан ары мыйзам долбоорунун 3-беренесинде Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 455, 463, 466, 4681, 474 жана 482-статьяларында каралган административдик айып пулдарды кайра кароо сунушталган.

Мында, жарандарга жана кызмат адамдарына салуу сунушталып жаткан административдик айып пулдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 30-статьясынын нормаларына туура келбейт. Бул статьяга ылайык, жаранга салынуучу айып пулдун максималдуу өлчөмү жүз эсептик көрсөткүчтөн, кызмат адамдарына – эки жүз эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн.

Бирок, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин
3-бөлүгүнө ылайык, ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып кеминде он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизилсин, Комитеттин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен аны экинчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

 

2. Ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин пленардык жыйынында кароодо Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов баяндамачы болуп аныкталсын.

 

 

Төраганын орун басары                                                   М.Э. Мавлянова

Көрүүлөрдүн саны : 768