Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 5-декабрындагы «2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, сунушталган “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) (TF0A5602) долбооруна даярдык көрүүгө ECAPDEV грантын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы кат-макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

06-12-2017 16:49

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 5-декабрындагы

 

«2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, сунушталган “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) (TF0A5602) долбооруна даярдык көрүүгө ECAPDEV грантын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы кат-макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган (2017-жылдын 17-ноябры, № 752-токтом) «2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, сунушталган “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) (TF0A5602) долбооруна даярдык көрүүгө ECAPDEV грантын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы кат-макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап жана талкуулап, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

“Digital CASA)/Kyrgyzstan” аймактык өз ара аракеттенүүнүн долбоору региондор ортосундагы Интернет-трафикти ишенимдүү жана жеткиликтүү баа боюнча өнүктүрүү максатында деңизге чыгалбаган өлкөлөрдө транзиттик потенциалды түзүү үчүн мурдагы демилгелердин тажрыйбасын колдонуу боюнча биринчи регионалдык программа болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун максаты «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, ички мамлекеттик процедураларды аткаруу, ошондой эле сунушталган регионалдык өз ара аракеттенүү «Digital CASA. Kyrgyzstan» долбооруна даярдык көрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Мында белгилей кетүүчү жагдай, аталган Гранттын каражаттары «Digital CASA. Kyrgyzstan» долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бекем жана туруктуу негиз болуп берет.

2017-жылдын 25-июлунда Дүйнөлүк банктан 350 000 АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттарды жактыруу жөнүндө расмий тастыктоо алынган. Бул сумма Трасттык фонддон «Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия» боюнча демилгени ишке ашыруу үчүн статистикалык потенциалды өркүндөтүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жардам берүү үчүн берилүүдө.

Ушул макулдашуунун долбоору мурда 2017-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин чечими менен жактырылган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөндөгүдөй корутундуга келет:

1. «2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, сунушталган “Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия” (Digital CASA) (TF0A5602) долбооруна даярдык көрүүгө ECAPDEV грантын бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы кат-макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

 

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага                                                                                       М.А. Аманкулов

Көрүүлөрдүн саны : 802