Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын КОРУТУНДУСУ

23-11-2017 09:55

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 21-ноябрындагы

 

“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети

жана 2018-2019-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  Кыргыз Республикасынын

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-октябрындагы № 721 токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап жана Комитет тейлеген министрликтер жана ведомстволордон түшкөн сунуштарды изилдеп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

2017-жылдын бюджетинин параметрине түзөтүүлөрдү киргизүүнүн негизги фактору өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү, киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана социалдык маанилүү жаңы чыгашалуу демилгелердин кабыл алынышы болуп саналат.

Аталган түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча 2017-жылга долбоордо сунушталган жалпы кирешелер республикалык бюджеттин мамлекеттик инвестициялары (мындан ары – МИ) өткөн жылга салыштырганда 14 698,8 млн. сомго көбөйүп, 141 527,4 млн. сомго аныкталган.

Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 94 998,4 млн. сомду түзөт жана бекитилген бюджетке салыштырганда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 3-февралындагы “2017-жылы мамлекеттик бюджетке кошумча түшүүлөрдү камсыздоо боюнча” Иш чаралар планынын негизинде Өкмөткө караштуу мамлекеттик бажы кызматы администрлеген салыктык түшүүлөрдүн эсебинен көбөйгөн.

2017-жылга чыгашалардын такталган бюджетинин долбоорунда (финансы активдерин эске албаганда) 162 383,2 млн. сомду, (175 637,0 млн. сомдук финансы активдерин эсепке алганда) же ИДПга карата 32,9%ды түзөт, бул бекитилген бюджеттен 12 232,7 млн. сомго көп, анын ичинде бюджеттик каражаттар 128 702,4 млн. сомду түзүп, 13 960,1 млн. сомго (114 742,3 млн. сом) көбөйгөн, МИнин каражаттары 33 797,1 млн. сомду түзөт жана 6 598,5 млн. сомго (40 395,6 млн. сом) көбөйгөн, атайын эсептеги каражаттар 13 137,5 млн. сомду түзүп, бекитилген бюджетке карата 4 452,3 млн. сомго (8 685,2 млн. сом) көбөйгөн.

2017-жылга такталган бюджет Өкмөткө караштуу Мамкаттоо кызматы боюнча (архив агенттигин эске албаганда) 626,8 млн. сомду түзгөн жана такталган бюджетке карата 124, 3 млн. сомго көбөйгөн, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар – 263,3 млн. сом, мында 100,6 млн. сомго азайган, атайын эсептеги каражаттардын эсебинен – 363,5 млн. сомду түзүп, 224,9 млн. сомго көбөйгөн.

100,6 млн. сомго бюджеттик каражаттар боюнча оош-кыйыш төмөнкүлөргө байланыштуу:

-2017-жылы чыгашаларды оптималдаштыруу, өздөштүрүлбөгөн чыгашаларды кыскартууга, бирок 2017-жылы Президентти шайлоолорго каралбаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын 38,8 млн. сомго колдонулушуна;

-3,4 млн. сомго мамлекеттик сатып алуулардын үнөмдөлүшүнө;

-0,4 млн. сомго товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден тышкаркы корлоруна эсептөөлөргө;

-Тышкы иштер министрлигине 17 штаттык бирдиктин жана Өкмөттүн 2017-жылдын 22-февралындагы № 118 токтомуна ылайык чет өлкөлүк жарандарга виза берүү маселелерин натыйжалуу камсыздоо үчүн тейлөө каражаттарынын өткөрүлүп берилишине;

-2015-жылы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын актысын 2,2 млн. сомго контролдон алып коюуга;

-5,9 млн. сомго 2017-жылы болгон жергиликтүү шайлоолорго каражаттардын өткөрүлүп берилишине;

-Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолорго 58,7 млн. сомдун өткөрүлүп берилишине, 2017-жылы Президентти шайлоолордон калган 8,5 млн. сом суммасындагы өздөштүрүлгөн каражаттардын республикалык бюджетке кайтарылып берилишине.

Өкмөттүн 2017-жылдын 4-майындагы № 138 тескемеси боюнча Билим берүү министрлигине аттестаттардын бланкаларын даярдоого 6,0 млн. сом бөлүнгөн жана кошумча 2017-жылдын 1-сентябрына карата мамкызматчылардын эмгегине акы төлөөлөрдү жогорулатууга 12,3 млн. сом каралган.

224,9 млн. сомго атайын эсептеги каражаттар боюнча оош-кыйыш 2017-жылдын башталышына карата калдыктардын көбөйүшүнө жана атайын эсептерде топтолгон каражаттардын коррекцияланышына (116,0 млн. сом) байланыштуу.

Ошону менен бирге, Комитет мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 5-апрелиндеги тапшырмасына ылайык Финансы министрлиги кыргыз-өзбек чегараларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топко катышкан Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлкүнө укуктарды каттоо кадастры департаментинин адистерине (11 адам) “артыкчылыктуу тартипте каржылоонуприоритетүү көлөмдө камсыздоого” тийиш болгон 14,34 млн. сом каралбай калганын, ал эми жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемесине ылайык өз каражаттарынын эсебинен Өзбекстан Республикасына бир нече жолу чыгууга мажбур болушканын белгилейт.

.

2017-жылга такталган бюджет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамагенттиги боюнча 2017-жылдын такталган бюджетине карата 235,7 млн. сомго азаюу менен 151,5 млн. сомду, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар – 138,2 млн. сомду түзүп, 249,0 млн. сомго жана атайын каражаттардын эсебинен – 13,3 млн. сомго азайган.

Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын 249,0 млн. сомго оош-кыйышы ведомствого караштуу мекемелерди 250,0 млн. сомго республикалык бюджетке которулууга каралган каражаттардын кыскарышына, 2016-жылга 0,2 млн. сомго дебитордук карыздардын жабылышына, 0,1 млн. сомго мамлекеттик сатып алуулардын үнөмдөлүшү жана 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып мамкызматчылардын эмгегине акы төлөөлөрдү жогорулатуу керектөөлөрүнө - 1,4 млн. сомдук каражаттардын кыскарышына байланыштуу.

Атайын эсептеги каражаттардын көбөйүшү 2017-жылдын башталышындагы калдыктарга байланыштуу.

2017-жылы курулуштун өсүүсү мурда бекитилген 10,4%га карата 11,5%дык деңгээлде күтүлүп жатат. 2017-2018-жылдары курулуштун өсүүсү 10,5%га жана 10,8%га өсүүсү күтүлүп, мурда бекитилген 12,3%, 12,7%га салыштырмалуу божомолдонууда.

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги

2017-жылга такталган бюджет Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги боюнча атайын эсептеги каражаттар менен 2 327,8 млн. сомду түзүп, 48,4 млн. сомго азайган, же 2017-жылга такталган бюджетке карата 0,2%га (2 376,2 млн. сом) азайып бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар – 2 270,2 млн. сомду түзүү менен 106,0 млн. сомго, атайын эсептеги каражаттар – 57,6 млн. сомго көбөйүп, 57,6 млн. сомду түзгөн

.

Бюджеттик каражаттар боюнча

Чыгашалар 355,3 млн. сомго азайган, алардын ичинен:

-Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын аткаруу боюнча 1,7 млн. сомго;

-Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясына Өкмөттүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68-токтомунун негизинде штаттык бирдиктерди кыскартуунун эсебинен тиешелүү бюджеттик каржылоо менен 33 штаттык бирдикти өткөрүп берүү каралган 4,7 млн. сомго;

-мамлекеттик сатып алуулардын 66,7 млн. сомго үнөмдөлүшүнө;

-чыгашаларды оптималдаштырууга байланыштуу 282,2 млн. сомго азайышына.

Чыгашалардын көбөйүшү 249,3 млн. сомду түзөт, алардын ичинен:

-Ош областындагы Өзгөн шаарынын айланып өтмө автоунаа акы төлөнүүчү жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун эсебинен 13,95 млн. сомго;

-Бажы бирлигине кошулуу боюнча (Жол картасы) иш-чаралар үчүн 37,9 млн. сомго;

-Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 12-июнундагы чечиминин жана Өкмөттүн 2017-жылдын 23-майындагы тескемесинин негизинде агынды сууларды, селдерди жана жер көчкүлөрдү жөнгө салуу мезгилинде автоунаа жолдорунун, көпүрөлөрдүн жана жасалма курулмалардын бузулууларынын алдын алуу жана коргоо боюнча 165,0 млн. сомго;

-мамкызматчыларга эмгек акы төлөөлөрдү жогорулатууга 2,5 млн. сомго;

-литердик рейстерге акы төлөө үчүн 30,0 млн. сомго.

 

Атайын эсептеги каражаттар боюнча

Чыгашалар 57,6 млн. сомго көбөйгөн, алардын ичинен:

-Транспорт жана  жолдор министрлигинин борбордук аппаратын тейлөөгө 0,8 млн. сомго;

-Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментин тейлөөгө 56,8 млн. сомго.

Атайын эсептеги каражаттардын көбөйүшү 2017-жылдын башталышындагы калдыктарга байланыштуу.

 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети боюнча 2017-жылдын такталган бюджети атайын каражаттар менен 260,2 млн. сомго көбөйүү менен 330,8 млн. сомду же такталган бюджетке карата 21,3%ды, анын ичинде бюджеттик каражаттар 310,8 млн. сом, 242 млн. сомго көбөйүү менен, атайын эсептеги каражаттардын эсебинен – 19,9 млн. сомго көбөйүп 19,9 млн. сомду түзгөн.

Бюджеттик каражаттар 304,8 млн. сомго көбөйүү менен өзгөргөн, анын ичинде:

-Россия Федерациясынын грантынын каражаттарынын эсебинен Бажы бирлигине кошулуу боюнча иш-чаралар үчүн 83,8 млн. сомго;

-“Таза коом” программасынын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 220,0 млн. сомго;

-Өкмөттүн 2017-жылдын 18-августундагы № 351 тескемесинин негизинде “1212” санариптик көрсөтүү маселелери боюнча линиясынын телефонунун иштөөсү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен өткөрүлүп берилген 1,0 млн. сомго.

Бюджеттик каражаттардын 135,0 млн. жалпы суммасына көбөйүү менен өзгөртүүлөр киргизилген, анын ичинде:

-Өкмөттүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 токтомунун негизинде товардык-материалдык баалуулуктардын нормадан тышкаркы корлорунун эсеби боюнча 1,8 млн. сомго;

-мамлекеттик сатып алуулардан түшкөн үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен 0,9 млн. сомго;

-бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу максатында 114,8 млн. сомго;

-Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитетине караштуу Байланыш мамагенттигинин бюджетинин иш жүзүндө аткарылышын талдоолордун жыйынтыктары боюнча 17,5 млн. сомго.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитетине караштуу Байланыш мамагенттиги боюнча 2017-жылга такталган бюджет атайын каражаттар менен бирге 58,9 млн. сомго көбөйүү менен 204,4 млн. сомду, алардын ичинен: 71,7 млн. сомго азаюу менен 68,3 млн. сомго, атайын каражаттар – 2017-жылдын башталышындагы калдыктардын эсебинен 130,6 млн. сомго азаюу менен 136,1 млн. сомду түзгөн.

Бюджеттик каражаттардын азайышы төмөнкүлөргө байланыштуу:

-Өкмөттүн № 694 токтомунун негизинде товардык-материалдык баалуулуктардын ченеминен тышкаркы корлорунун эсебинен 1,5 млн. сомго;

-мамсатып алуулардан түшкөн каражаттарды үнөмдөөдөн 219,9 млн. сомго;

-учурдагы жылдын бюджетинин иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жыйынтыктары менен 17,5 млн. сомго;

-бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу менен 32,3 млн. сомго.

2017-жылдын башталышындагы калдыктарга байланыштуу атайын эсептеги каражаттардын көбөйүшү.

Маалыматтык технология жана байланыш мамагенттигине караштуу Мамлекеттик фельдъегердик кызматка атайын эсептеги каражаттардан жүзөгө ашырылуучу чыгымдардын ордун кошумча толтурууга 2,3 млн. сом каралган.

 

“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык

бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомол жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын  долбооруна 5-тиркемеден

 

 

Ведомстволук классификация боюнча чыгашалар: операциялык чыгашалар, финансылык эмес активдер, финансылык активдер

                                                                                                            (миң сом)

(тыс. сом)

Министрликтер менен ведомстволордун аталыштары

2016-жыл

2017-жыл

2017-жыл (такталган бюджеттин долбоору)

 

Учурдагы бюджет (кошумча каржыланбаган каражаттар фактысы.)

Учурдагы бюджет (бекитилген бюджет)

Бардыгы

Учурдагы бюджет

Атайын эсептеги каражаттар

МИ

 

КР Өкмөткө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы

 

569 199,5

591 395,9

880 267,4

490 839,2

389 428,2

 

 

Мамархкурулуш

 

29 914,1

387 239,0

2 241 892,4

138 212,2

13,3

2 103 666,9

 

КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги

 

2 208 593,6

2 387 502,9

18 973 715,1

2 282 438,9

76 129,4

16 615 146,8

 

КРнын Мамлекеттик технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

9 059,1

239 932,8

567 979,9

411 839,3

156 140,6

 

 

 

           

 

 

Мамлекеттик инвестициялар (капиталдык салымдар)

2017-2019-жылдары капиталдык салымдарга чыгымдар артыкчылыктуу тартипте Жогорку курулуш даярдыгына ээ жана эксплуатациялоого киргизүү пландаштырылып жаткан, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт чөйрөсүндөгү долбоорлонуп жана курулуп жаткан социалдык-экономикалык маанилүү объектилердин курулушуна жана реконструкцияланышына, ошондой эле суу чарба курулмаларына, стратегиялык маанидеги автожолдордун курулушуна жана реконструкцияланышына багыттоо пландаштырылып жатат.

Биринчи кезекте табигый кырсыктардан жабыр тарткан жана авариялуу объектилерге, жогорку курулуш даярдыгындагы объектилерге, ошондой эле атайын социалдык маанилүү маселелер программаларына киргизилбеген маанилүү мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга багытталмакчы. Бул маанилүү жана социалдык маанилүү объектилерди ишке ашырууну аяктоо үчүн кошумча бюджеттик каражаттар талап кылынат.

2017-жылга такталган бюджет “Капиталдык салым” беренеси боюнча 2900,0 млн. сомду түздү.

Өкмөттүн чечимдерине жана Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин чечимдерине ылайык “Капиталдык салым” беренесин квалификациялоо боюнча 6928,7 млн. сомго көбөйгөн, анын ичинде:

-Өкмөттүн 2017-жылдын 9-июнундагы № 220 тескемеси жана Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 17-июнундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине 1330 млн. сом каралган, анын ичинде: “Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоого” 500 млн. сом, “Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоого” 80,0 млн. сом, “Республиканын райондук борборлорундагы көчөлөрдү капиталдык оңдоого” 600,0 млн. сом, “Каракол жана Жалал-Абад шаарларындагы көчөлөрдү капиталдык оңдоолорго 150,0 млн. сом, Өкмөткө караштуу Мамархкурулуш агенттигине 2040,0 млн. сом, алардын ичинен: Жалал-Абад, Ош жана Чүй областтарындагы табигый кырсыктардан бузулган авариялык объектилерди курууга жана калыбына келтирүүгө 400,0 млн. сом, Кыргыз Республикасынын маданият мекемелеринин кызматчылары үчүн турак жай үйүн курууга – 340,0 млн. сом, Ысык-Көл областынын Сары-Ой айылындагы “Асыл” БДКсын курууга жана капиталдык оңдоого – 300,0 млн. сом, Ош шаарындагы жана Ош областындагы “Ачы” жана “Кең-Сай” турак жай конуштарынын инфратүзүмүн курууга – 300,0 млн. сом, билим берүүнүн авариялык объектилерин курууга жана капиталдык оңдоого – 700,0 млн. сом каралган.

Бирок КР Транспорт жана жолдор министрлигине 355,3 млн. сом жалпы суммасына чыгашалар кыскартылган, алардын ичинен:

-товардык-материалдык ченемден тышкаркы корлор Эсептөө палатасынын жазма буйругун аткарууга ылайык 1,7 млн. сомго;

-Өкмөттүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомуна ылайык Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекцияга 33 штаттык бирдикти өткөрүп берүүдөн 4,7 млн. сомго;

-Өкмөттүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79 буйругуна ылайык мамсатып алууларды үнөмдөө каражаттары 66,7 млн. сомго кыскартылган;

-чыгашаларды оптималдаштыруунун жыйынтыктары боюнча 282,0 млн. сомго кыскарган.

Мында 282,0 млн. сомдун, 254,6 млн. сому Жол чарба департаментинин бюджетинен кыскаргандыгын белгилей кетүү керек, алар жалпы колдонуудагы автоунаа жолдорун оңдоо жана тейлөө үчүн каралган, ошондой эле мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарынан 110,0 млн. сом, бардыгы болуп 364,6 млн. сом кыскарып отурат. Мындай кыскартуу төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет:

-жол уюмдарынын алдында өз милдеттерин аткарган жана материалдарды жеткирип берген подрядчылар менен соттук териштирүүлөргө. 2017-жылдын 1-октябрына карата 568,9 млн. сом, анын ичинде учурдагы бюджет боюнча – 462,1 млн. сом, капиталдык салымдар боюнча – 106,8 млн. сом.

Ноябрь-декабрь айларындагы секвестрден кийин аткарылган автоунаа жолдорун жана бүткөрүлгөн иштерге акы төлөөлөр каражаттарынын калдыгы 78,3 млн. сомду түзөт, ал эми ал каражаттар октябрь-декабрь айларында жумушчуларга жана механизаторлорго жарым-жартылай гана акы төлөөлөргө жетет.

Буга байланыштуу, автоунаа жолдорун кыш мезгилине даярдоо жана аларды кардан жана жол тайгактыктарынан тазалоо боюнча иштерди үзгүлтүккө учуратуу тобокелдиги бар. Бул факторлор жол кыймылынын коопсуздугуна жана жол кырсыктарынын санынын көбөйүшүнө тикелей таасирин тийгизет.

Өкмөттүн 2017-жылдын 9-июнундагы № 221 тескемеси жана Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 12-июнундагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамархкурулуш агенттигине Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоо иштери үчүн 700,0 млн. сом жана Бишкек шаарындагы “Ак-Кула” ипподромун капиталдык оңдоо иштери үчүн 300,0 млн. сом каралган:

-Өкмөттүн 2017-жылдын 9-июлундагы № 223 тескемеси жана Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 12-июнундагы чечими менен “Капиталдык салым” беренеси боюнча каражаттарды көбөйтүүгө социалдык объектилерди куруу жана калыбына келтирүүнү аяктоо үчүн 650,0 млн. сом каралган;

-Өкмөттүн 2017-жылдын 27-июнундагы № 260 тескемеси жана Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1803-VI токтому менен мамлекеттик бюджеттик резервден республиканын региондорунун айрым аймактарында болгон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн 300,0 млн. сом, алардын ичинен: Транспорт жана жолдор министрлигине 115,0 млн. сом, Өкмөткө караштуу Мамархкурулуш агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментине 185,0 млн. сом бөлүнгөн;

-Өкмөттүн 2017-жылдын 29-августундагы № 373 тескемеси жана Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 11-сентябрындагы чечими менен Өкмөткө караштуу Мамархкурулуш агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментине мамлекеттик тарыхый музейде буюмдарды жана коллекцияларды сактоо жана ачык көрсөтүү үчүн жабдууларды сатып алууга 869,4 млн. сом каралган (алардын ичинен 300,0 млн. сом – “Ак-Кула” ипподромун капиталдык ремонттоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен);

-Өкмөттүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 568 тескемеси жана Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2017-жылдын 6-мартындагы чечими менен “Ош шаарындагы А.Навои көчөсү боюнча эстакадалык көпүрөөнүн курулушу”, “Ош шаарындагы Исанов көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин көпүрө жана жолдун курулушу” объектилери боюнча үнөмдөлгөн каражаттарга ылайык 2017-жылы Россия Федерациясынын грантынын каражаттарынын эсебинен 39,25 млн. сом, Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгына Тилеке баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин көпүрөнүн курулушуна каражаттар каралган;

-Өкмөттүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 214 тескемеси жана 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 589 тескемеси менен Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш калктуу пункттардын социалдык инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү үчүн 100,0 млн. сом каралган.

Чыгымдарды оптималдаштыруу максатында бюджеттик каражаттар 315,0 млн. сомго кыскарган.

2017-жылы такталган бюджет “Капиталдык салым” беренеси боюнча 9513,7 млн. сомду түзөт.

Мындан тышкары, атайын эсептин каражаттары 6,4 млн. сомду түзүү менен Бишкек шаарында 500 орундук, Ош шаарында 500 орундук мектептердин курулушу жана алардын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү үчүн Казакстандын “Самрук-Казына” улуттук фонду” акционердик коому тарабынан 1200,8 млн. теңге же 343,6 млн. сом көлөмүндө акча каражаттары чегерилген.

Алынган ал каражаттар 162,9 млн. сом суммасында Бишкек шаарынын Ала-Тоо турак жай конушундагы мектептин курулушуна, Ош шаарынын “Сулайман-Тоо” АКсынын Урицский көчөсү боюнча 81,1 млн. сомдук 500 окуучуга эсептелген мектептин курулушуна жана Кара-Суу районунун Нариман аймагындагы Жийделик айылында 93,2 млн. сом суммасында мектеп курууга каражаттар багытталган. Ошентип, 2017-жылдын башталышына карата Өкмөткө караштуу Мамархкурулуш агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин эсебинде казак гранты боюнча максаттуу калдык каражаттары 6,4 млн. сомду түзгөн.

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар беренесине такталган бюджет боюнча 500,0 млн. сом каралган.

Комиссиянын жыйналышынын протоколуна ылайык 2017-жылы үлүштүк (дем берүүчү) грантынын долбоорлорун бекитүү боюнча 210 долбоор бекитилген.

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга 2017-жылга түзүлгөн долбоорлордун тизмеги райондордун, областтык маанидеги шаарлардын деңгээлинде долбоорлорду тандоо боюнча комиссиялардын чечимдеринин негизинде жана квоталардын көлөмдөрүнө ылайык түзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого берилген буйрутмаларга ылайык республикалык бюджеттен “Дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 241,5 млн. сомдук жалпы суммага 183 долбоор каржыланган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары берген документтер боюнча сынактардын жыйынтыктары боюнча үнөмдөлгөн каражаттар 120,0 млн. сомду түзгөн.

2017-жылга карата такталган бюджет “Дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча 380,0 млн. сомду түзгөн.

Мамлекеттик инвестициялар программасы

2017-жылы мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоо суммасы бардык булактардан 33 797,1 млн. сомду түзгөн. Мында зайымдардын жана гранттардын эсебинен тышкы каржылоонун үлүшү 32 785,0 млн. сомду же каржылоонун жалпы суммасынан 97,0%ды түзөт, долбоорлорду каржылоого 1 012,1 млн. сом же каржылоонун жалпы суммасынан 3,0% пайдаланылат. МИнин күтүлүүчү бюджети бекитилген бюджетке карата 2017-жылы (40 395,6 млн. сом) тышкы каражаттар боюнча 6 257,1 млн. сомго жана ички каражаттар боюнча (кошумча каржылоо) 341,4 млн. сомго азайган.

2017-жылы гранттык жана кредиттик каражаттарды рекредитациялоого 11 431,9 млн. сом жумшоо сунушталган. Алардын ичинен кредиттик каражаттар – 9 382,3 млн. сом, гранттык каражаттар – 2 049,6 млн. сом.

МИ бюджетин кыскартууга долбоорлорду ишке киргизүү (Макулдашууларды ратификациялоо), аткаруучу агенттиктер жүргүзгөн сатып алуулардын жыйынтыктарын кароо процессинин кечигиши, долбоордук жана башка документациялардын өз учурунда даярдалбашы, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу темптеринин басаңдашы жана подряддык, субподряддык уюмдар тарабынан ал долбоорлордун алкактарында иш пландарынын бузулушу себеп болгон.

2017-жылы инвестициялык долбоорлорду каржылоонун ири кыскарышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамархкурулуш агенттиги боюнча 1 654,9 млн. сомду түздү. МИнин бюджети боюнча пландык көрсөткүчтөр тиешелүү жылга карата аталган долбоорлорду каржылаган демөөрчүлөр менен макулдашуулар боюнча аткаруучу агенттиктер (министрликтер жана ведомстволор) тарабынан түзүлүп, Финансы министрлигине берилет.

Финансы министрлиги өз кезегинде долбоорду финансылык ишке ашыруу мониторингинин негизинде, тактап айтканда каражаттарды өздөштүрүү темпинде жана өздөштүрбөй коюу тобокелдигинин негизинде ар бир долбоор боюнча каржылоо параметрлерин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.

2017-жылы бюджеттеги андай тобокелдүү зоналарга жогоруда аталган долбоорлор кирет, алардын себебинен улам аткаруучу агенттиктер тарабынан берилген буйрутмалар (ички мамлекеттик жол-жоболор, макулдашууларга кошумча шарттардын аткарылышы, тендерлер ж.б.) жүзөгө ашырылбай калган.

2017-жылга карата республикалык бюджеттин таңкыстыгы 20 855,8 млн. сом деңгээлинде божомолдонуп, ИДПга карата 4,2%ды түзөт.

2017-жылы бюджеттин таңкыстыгын жабууга 20 855,8 млн. сом каржылоо булагы каралган.

Ички булактар боюнча 767,8 млн. сом суммасындагы терс сальдо каралган.

Тышкы булактар боюнча 21 623,6 млн. сом суммасындагы оң сальдо каралган.

2017-жылдын 31-августуна карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 300 764,62 млн. сомду (4 378,71 млн. АКШ доллары) түзгөн, анын ичинде:

-91%зы тышкы карызды – 273 690,08 млн. сомду (3 984,54 млн. АКШ доллары) түзөт;

-9%зы ички карызды – 27 074,54 млн. сомду (394, 17 млн. АКШ доллары) түзөт.

Комитет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берген мыйзам долбоору менен таанышып, Финансы министринин жана Комитет тейлеген министрликтер жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн

жетекчилеринин маалыматтарын угуп, төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. Комитеттин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттин долбоорун кошумча каржылоо үчүн төмөнкүлөргө каражаттарды карасын:

-Мамкаттоого караштуу кыймылсыз мүлкүнө укуктарды каттоо кадастры департаментине “Кызматтык сапарларга чыгымдар” беренеси боюнча – 14,338 млн. сом;

-Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине автожолдорду кыш мезгилинде ойдогудай абалда тейлөөгө – 87,7 млн. сом;

- Айылдык жана поселкалык автомобилдик жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн проект иштеп чыгууга 10 млн. сом (2018-жылдын бюджетине).

- №46-жол эксплуатациялоо ишканасынын жалпы суммасы 946 миң 790 сом «Вега Строй ЛТД» ЖЧКсына жана ОсОО ЭСК ЛТД» ЖЧКсына болгон кредиттик карызын жоюу;

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине:

-“Капиталдык салым” беренеси боюнча баа түзүү, шаар куруу документтеринин ченемдик-техникалык документацияларын иштеп чыгуу үчүн;

  -Республиканын калктуу конуштары үчүн колдонуудагы шаар куруу документтерин иштеп чыгуу, бекитүү жана түзөө (башкы пландарды жаңылоо, ДПД, райондук пландоонун схемаларын  иштеп чыгуу – 50,0 млн. сом;

  -калктын суу менен жабдуудагы кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, суу менен жабдуу тутумун куруу жана реабилитациялоо -500,0 млн. сом (2018-жылдын бюджетине);

  -“Башка алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр” статьясы боюнча курулушта жаңыларын иштеп чыгуу жана колдонуудагы ченемдик-техникалык документтерин (ЧТД) жакшыртуу, анын ичинен (жаңыларын иштеп чыгуу жана колдонуудагы ЧТД кайра кароо), колдонуудагы ченемдерди эл аралык, европалык жана регионалдык ченемдер менен шайкештөө-50,0 млн. сом;

  -“2015-2019-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук” Мамлекеттик программасын ишке ашыруу-42,0 млн. сом;

  -Ысык-Көл курорттук-рекреациялык чөлкөмүн райондук пландоонун Башкы схемасын иштеп чыгуу-5,5 млн. сом;

  -маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүм, интернет, электрондук документ жүгүртүү, электрондук кол коюу жаңы технологияларын киргизүү жана колдоо-23,5 млн. сом;

  -курулуш тармагынын жана мамлекеттик экспертизанын адистери үчүн мамлекеттик квалификациялык сертификат берүү жана курулуш ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча дайындар базасын башкаруу боюнча жаңы программаны түзүү-20,0 млн. сом.

-Өзгөн районун Бостон айылындагы Жусупбеков атындагы орто мектептин (үстүн жабууга) чатырын курууга – 4 млн. сом;

- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти:

- «Кербенжолкурулуш» АКга Тунук айылынын жанындагы Суусамыр дарыясындагы көпүрө курууда аткарылган жумуштары үчүн 3 млн. 892 миң 338 сом суммада;

Ошону менен бирге, Комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көңүлүн бурат:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан өздөрүнүн суроо-талаптарына министрлик жана ведомстволордон курулай жазуу мүнөзүндөгү жоопторду алып, кээде эч кандай жооп ала алышпай жаткандыгына наразылык бар экенин;

-титулдук тизмелерди түзүүдө, ушул жылы Комитеттин отурумдарында бир канча жолу каралып, бирок аткарылбай калганын (Мамкурулуш жана Транспорт жана жол министрлиги тарабынан);

-Мамкаттоого караштуу Унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн окутуу жана берүү бардык функциясын жана мамлекеттик техникалык кароону өткөрүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин карамагына кайтарып берүү маселеси.

- Жалал-Абад областындагы Маданият-Жалал-Абад автомобиль жолун реконструкциялоо, долбоор ратификациядан өткөн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Комитет тейлеген министрликтерди жана ведомстволорду толук көлөмүндө каржылоону аяктоо, ошондой эле автоунаа жолдорун, курула баштаган мектептерди жана башка мыйзамдарда бекитилгендерге ылайык социалдык объектилерди куруу үчүн кошумча финансы каражаттарын бөлүү боюнча чараларды көрсүн, бүтпөгөн 448 объектиге 9,5 млрд. сом кароо менен, алардын тизмеси депутаттарга берилсин (КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте)

 

4. Комитеттин ушул корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн Бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Төраганын

орун басары                                                              Жунус уулу Алтынбек

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 1219