Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2017-жылдын 13-июнундагы «Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

22-06-2017 12:53

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт,

коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2017-жылдын 13-июнундагы

 

«Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

КОРУТУНДУСУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №332-токтому менен бекитилген Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Бул долбоордун максаты жаратылыш кырсыктарынын тобокелчилигин төмөндөтүү жана көчкү, таш кулоо, жер көчкү сыяктуу өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана жол тармагын сактоо болуп эсептелет. Кыргыз Республикасында бардык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун 95%ы өлкөнүн бирден бир маанилүү транспорттук артериясы болгон узундугу 672 км ди түзгөн Бишкек-Ош автомобиль жолу болуп эсептелет, ал өлкөнүн борбору Бишкек шаарын экинчи маанидеги Ош шаары менен бириктирип турат.

         Бул автомобиль жолу бийик тоолуу өрөөндөр менен, кээ бир жерлеринде салаңдаган аскалуу жерлерден өтөт. Ошондуктан мындай участкаларда көп учурда кар көчкүлөр, жер көчкүлөр жана таштардын кулашы болуп турат,       тактап айтканда,  бул жолдун 246 км  жыл сайын  зор көчкүлөр жүрөт, натыйжасында адамдардын өлүмүнө алып келет жана көчкүлөрдү тазалоо үчүн жолду толук бууп коюуга туура келет. Өзгөчө зор кар көчкүлөрү 2007  жана 2012-жж. түшкөн. Мисалы, 2007-жылы бул участкада  көлөмү 2 млн. м3 келген көчкү түшкөн, ал жолду бир канча жүздөгөн метрге жууп кеткен. 2012-жылдын март айында бул участкада көлөмү 176 миң м3 көчкү түшкөн, анын кесепетинен 10 адам курман болгон, жолду бир жумага толук жаап коюуга туура келген, ошондой эле бул участок күндүзү дагы толук бир ай жабык турган.

Кар көчкүлөрүнө, жер көчкүлөрүнө жана таштардын кулашына карата өзгөчө чара көрүүнүн маанилүүлүгүнө карабастан жол секторун жыл сайын каржылоонун жетишээрлик эмес көлөмүнүн көйгөйүнөн улам министрлик мындай кырдаалды өз убагында жөнгө салууга чамасы жетпейт.

Ушуга байланыштуу инвестицияларды тартып келүү боюнча айрым иштер жана автожолдун көчкү коркунучу бар участкаларындагы көчкүлөрдү сактоо үчүн Япониядан гранттык жардам суроо боюнча тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Бишкек-Ош шаарларынын ортосундагы маршрутта кыш сезонунда (өтө алгыс учурларда) жолдогу убакытты үнөмдөө үчүн чечим кабыл алуунун бир жолу автомобиль жолунда 246 км галереяны куруу болуп эсептелет.

         Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Япониянын мыйзамдарына ылайык Алмашуу Нотасынын алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык төрт миллиард эки жүз сексен сегиз миллион япон йени өлчөмүндө (¥ 4,288,000,000) грант берет. Грант ушул Гранттык макулдашууну түзүүнүн аркасында берилет.

Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс натыйжаларга алып келбейт.

         Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын белгиленген долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.

         Жогоруда аталган Гранттык макулдашуу ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган эмес жана юридикалык жактардын жана жарандардын кызыкчылыктарына тиешеси жок (аны ишке ашыруу автожол боюнча өтүүнүн коопсуздугун күчөтөт), ошого байланыштуу, бул мыйзам долбооруна регулятивдик таасир этүүнү талдоо жана коомдук талкууга коюу талап кылбайт.

         Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу негизинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине туура келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык  келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашууга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы комитети, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети, Эл аралык иштер комитети менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017–жылдын 10-мартындагы № 68-б буйругу менен жактырылган.

 

Комитет, мыйзам долбоорунун максатынын актуалдуулугун жана JICA тарабынан сунушталып жаткан Гранттык макулдашуунун ыңгайлуу шарттарын эске алуу менен, бул мыйзам долбооруна жооптуу Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети болуп аныкталганын эске алып, аны 3 окуудан кабыл алууну сунуштоону суранып кайрылат жана төмөнкүдөй

 к о р у т у н  д у г а келет:

 

1. «Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору негизинен жактырылсын.

 

2. Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                                М.А. Аманкулов

 

Көрүүлөрдүн саны : 2554