Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйналышынын күн тартиби
Өткөрүү убактысы: 31-май 2022-жыл, саат 14:00
Өткөрүлө турган жер: Батыш зал (1-кабат)
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө ( үчүнчү окууда кароо)
Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев, У.З. Ормонов, Н.Т. Шакиев, Н.К. Кадырбеков, Ж.К. Акаев, К.А. Талиева, А.Т. Түмөнбаев, А.А. Турсунбаев, Ж.Ш. Токторбаев
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А. Маматалиев
2. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан берилген кредиттик каражаттарынан Камбар-Ата ГЭС-2ни курууга 2009-жылы алынган жана россиялык тарап 2017-жылы эсептен чыгарган 100,0 млн. АКШ доллары суммасындагы бюджеттик кредит боюнча «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун карызын бир жолу эсептен чыгаруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору”
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Т.А. Айталиев
3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Токторбаевдин протоколдук тапшырмаларынын аткарылуусу тууралуу жана 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишмердиги жөнүндө”
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Д.А. Кутманова
4. Ар кандай маселелер