Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышынын күн тартиби (2021-жылдын 21-сентябры)

17-09-2021
15:48

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйналышынын күн тартиби

 

Өткөрүү убактысы: 21-сентябрь 2021-жыл, саат 14:00

Өткөрүлө турган жер: КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин имараты, 3-кабат

 

1. “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы  лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет)

 

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Байбакпаев, К.Рыспаев, З.Эсенаманов, Б.Турусбеков, Э.Тагаев, Б.Нурдинов

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты Э.Байбакпаев

            2. “2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы №941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы №167 токтому жөнүндө”

 

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри – А.Н. Шыкмаматов

 

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты А.Т. Бердиевдин протоколдук тапшырмасы тууралуу"  

 

Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - А.Т. Бердиев

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин директору – М.Б. Сатыбеков

 

4. Ар кандай маселелер