Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйналышынын күн тартиби
Өткөрүү убактысы: 15-июнь 2021-жыл, саат 14:00
Өткөрүлө турган жер: КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин имараты
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4366-VI жана 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 4518-VI токтомдору менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө”
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети
Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын энергетика өнөр жай министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору – Сатыбеков М.Б.
2. “2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча жана Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарынын топтолушунун абалы жөнүндө”
Демилгечи: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети
3. Ар кандай маселелер